Септориоз

Википедия дан
Септориоз (Буудай).

Септориоз - Septoria уруусуна кирген козу карындар чакыруучу өсүмдүктөрдүн илдети. Негизинен жалбырактарда тоголок же сүйрү, четтери күңүрт, ортосу ачык түскө боелгон тактарды пайда кылат. Жылган уруусуна кирген өсүмдүктүрдү жабыркатуучу С. кеңири таралган жана эң зыянкеч. Мисалы: S. graminum чакыруучу буудайдын жана кара буудайдын жалбырагынын септориозу. Катуу жабыркаганда ооруга чалдыккан жалбырактар кургайт жана түшөт. Колдонулуучу чаралар: өсүмдүк калдыктарынан арылуу; которуштуруп эгуу системасын киргизүү; дан эгиндеринин уругун химиялык заттар менен ууландыруу, карагат, алмурут, томат жана башка өсүмдүктөрдү бордос суюктугу менен чачыратуу, ооруга туруктуу же аз чалдыгуучу сортторду өстүрүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]