Символика

Википедия дан

Символика (грек. symbolon - шарттуу белги, ажыратып билүүчү жышаана) - мамлекеттик бийликке (мамлекеттик желек, герб), динге (крест - христиандарда, жарым ай - мусулмандарда, «Давид жылдызы» - иудейлерде), саясий жана коомдук уюмдарга ж.б. тиешелүү кубулуштарды, түшүнүктөрдү сезимге таасир бере тургандай сөз менен белгилөөнүн түрдүү ыкмалары.

Этностордун турмушунда көбүнчө фольклор менен байланышкан символикалар пайдаланышат. Мисалы, орустарда сулуулуктун символу ак кайың, япондордо - сакура эсептелет. Түс белгилери да - кеңири тараган: ак түс - кубанычтын, кара түс - азанын ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.