Синатроп организимдер

Википедия дан

Синатроп организимдер, синатроптор (гр. syn - бирге жана anthropos - адам) - адам менен жашоосу түрдүү формада байланышкан микроорганизм, өсүмдүк жана жаныбарлар.

Anopheles albimanus.

«Синатроп организимдер» термини патогенез (оору козгогуч) микроорганизмге колдонулбайт. Синатроп организимдердин тиричилик цикли адамдын иш-аракетинен түзүлгөн же өзгөргөн шартка ынгайланышкан. Кишинин ички жана сырткы мителери (гельминттер, кенелер, бүргөлөр, чиркейлер ж. б.) толук (эгер кишинин турак-жайында жашаса), толук эмес (турак жайдан тышкары киши жашаган аймакта кездешсе) болуп бөлүнөт. Кээ бир Синатроп организимдердин (үй чычканы, көгүчкөн, кантала ж. б.) тиричилиги кишинин жашоосу менен байланышта болуп, бардык жерге таран, космополиттерге айланган. Айрым Синатроп организимдер (майда жырткычтар, таранчы сымалдар ж. б.) киши жашаган жерлерден алыстап, айдоолордо жана өсүмдук тигилген жерлерде жашайт. Абада, деңизде жана кургакта жол катнаштын өсүшү Синатроп организимдердин кеңири таралышына шарт түздү.

Синатроп организимдерге өсүмдүктөр да кирет, алар рудераль өсүмдүктөрү (шыпырынды ташталган жерлерде, короо-жайдын айланасында, жол боюнда өсүүчү чөптөр) деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.