Сирень
Көрүнүш
Сирень (Syringa). | |
Кадимки сирень (Syringa vulgaris) | |
Илимий классификация | |
---|---|
дүйнөсү: | Өсүмдүктөр |
түрү: | Syringa |
Сирень (лат. Syringa, L. 1753) - өсүмдүк уруусу. көп жылдык дарак.
Дарылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Май жана июнь айларында гүлдөйт. Гүлүнүн жана жалбырагынын курамында эфир майы, сирингин гликозиди, фарнезол сыяктуу керектүү заттар бар.
Дарылык касиети
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жалбырагынын кайнатмасы суук тийгенде, сасык тумоодо колдонулат. Анткени адам кайнатманы ичкенде абдан тердеп, дене табы төмөндөйт.
Дарынын рецеби: 2 чай кашык кургатылып майдаланган жалбырагынын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлат. 1 саат жылуу жерге коюп демдеген соң пайдаланууга болот. Күнүгө 3-4 маал 50 граммдан жылытып ичүү кажет. Ушул эле кайнатма тери ооруларында да колдонулат (ичилет). Андыктан жалбырагын сактап койгон жакшы.
- Гүлүнүн тундурмасы.Кызыл жүгүрүктө, бөйрөк ооруларында, желди айдап чыгарууда колдонулат.
1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык жалбырагын же гүлүн салып демдөө кажет. Анан бир күндө 3-4 жолу бир аш кашыктан кабыл ала берүүгө болот.
- Сирендин тобурчагынын кайнатмасы какачты кетиргендиктен, баш жууганда колдонсо болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Кыргызстан 2012" журналы.