Системалык мамиле

Википедия дан

Системалык мамиле, Ырааттуу байланыш мамилеси (грек. бөлүктөрдөн түзүлгөн, бириктирилген) изилденүүчү нерсени (объект) белгилүү бир ыраатта (системада) караган атайын – илимий таанып-билүүнүн жана социалдык турмуштун методологиялык багыты.

Системалык мамиле адатта, өз ара бири-бири менен байланышкан элементтердин биримдиги жана бүтүндүгү түшүндүрүлөт, белгилүү структурага ээ. Система түшүнүгү антикалык доордо ой жүгүртүү жана билимди уюштуруунун жалпы принциптеринде философиялык изденүүлөр катары пайда болгон.

Платон: «Бир бүтүн нерсе бир эле мезгилде бүтүндүк жана бөлүкчөлөр да, биримдик жана көптүк да...» – деген.

Анын ою боюнча, көптүктүн биримдиги гана таанып – билүүнүн бутасы боло алат. Система 19-кылымга чейин таанып-билүү – методологиялык мааниге ээ болсо, 19-кылымдан баштап онтологиялык жана натуралисттик көз караш пайда болгон. Анда ырааттуулук Система – нерсени таанып-билүү касиети, ал эми билимдин ар түрдүү катмарларынын ортосундагы байланыш-нерсенин өзүндөгү байланыштардын гана катталышы деп каралат. Бул байланыштар материалдуубу? Элемент деп эмнени эсептөөгө болот? Ырааттуу байланыш өзгөрүп – өнүгөбү? Ырааттуулуктун Система тарыхый окуя, өнүгүштөр менен кандай байланышы бар?, ж. б. суроолор пайда болгон. 20-к. инженердик ыкма жана технологиянын өнүгүшү Ыраатуулук байланышты өздөштүрүүнүн жаңы жолдорун ачты.

Азыр Ыраатуулук байланыш жөн гана изилденбейт, а долборлонот, түзүлөт. Ошол эле кезде уюштуруу – башкаруу маселелерин да чечет. Система термини кесипчиликтин бардык тармактарында колдонулууда.

Тарыхый жактан Система тууралуу эки көз караш калыптанды:
1) Онтологиялык же натуралисттик (элементтер, байланыш, структура – нерсенин өзүндөгү «табигый» касиеттердин чагылышы).
2) Таанып-билүүчүлүк – методологиялык (ырааттуулук нерселердин, көрүнүштөрдүн өзүндөгү касиеттер аркылуу эмес, белгилүү бир максатты көздөгөн иш-аракеттер, ой жүгүртүүнү уюштуруу аркылуу ишке ашат).

Салттуу көз караш боюнча Ыраатуулук байланыштын касиети, бүтүндүгү, ички биримдиги анын түзүлүшү (структурасы) аркылуу аныкталат


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]