Славян таануу

Википедия дан

Славян таануу, славистика - славяндарды мурдагы жана азыркы кездеги тарыхын, адабиятын, тилин, фольклорун, этнографиясын, экономикасын, искусствосун, динин, материалдьж жана рухий маданиятынын эстеликтерин изилдөөчү илимий дисциплиналар жыйындысы.

«Славян таануу» термини 18-кылымдын 2-жарымында пайда болуп, негизинен филология илим катары Чехияда калыптанган. Россияда славян таануунун пайда болушуна M. В. Ломоносовдун эмгектери негиз түзгөн. 18-кылымдын аягында славян таануу Полыдада негизделген (Я. Потоцкий).

Славян таануу славян өлкөлөрүндө пайда болгон соң, Батыш Евролага (Франдия, Италия, Англия, бөтөнчө Германия) да тарай баштаган. 19-кылымдын 2-жарымында - 20-кылымдын башында кыйла өөрчүп, комплекстүү дисциплинадан өз алдынча илимдердин комплексине айланган.

19-кылымдын ортосунда К. Маркс менен Ф. Энгельс тарыхты материалистче түшүнүүгө негиз салган соң славян таануу биринчи жолу ырааттуу илимий методологиялык негиз алган. Маркстик славян таануунун калыптанышында В. И. Лениндин тарыхый изилдөөнүн маркстик теориясын жана методологиясын андан ары өнүктүрүшү чечүүчү роль ойногон. Советтик славян таанууда экинчи дүйнөлүк согуштан мурда филологиялык изилдөөлөр басымдуу роль ойногон.

Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жана анын убагында славян таануунун андан ары калыптанышында чоң бурулуш жасалган: СССР ИАнын Тарых институтунда, МГУда, ЛГУда тарыхый славистикалык борборлор түзүлгөн. 1946-1947-жылдары славистикалык борбор комплекстүү мекемелер, Киев, Ленинград, Москва ж. б. чоң шаарлардагы университеттерде кафедралар жана топтор уюштурулган. 1956-жылы слависттердин советтик комитети түзүлгөн.

Дүйнөлүк эки согуштун аралыгында чех слависттери чет өлкөлүк славян мамлекеттериндеги Славян таануу кыйла таасирдүү күчү болгон. Славян таануу бул мезгилде Полылада, Болгарияда да улантылган. Венгриядагы, Румыниядагы, ГДРдеги славян таануу СССРдеги жана чет өлкөлүк славян мамлекеттериндеги славян таануу менен тыгыз байланышта өнүккөн. Париждеги славян таануу капиталисттик өлкөлөрдөгү славистика боюнча кыйла маанилүү борбор болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939-1945) кийин Батыш Европадагы жана АКШдагы славян таануу кафедралары менен институттарынын саны көбөйгөн. Славян таануу Индияда, Жакынкы Чыгышта жана Австралияда да өнүккөн. Славян таануунун өөрчүшүндө славистикалык эл аралык съезддердин (7 съезд өткөн) мааниси чоң. Славян таануунун эң ири борборлору Австрия, Улуу Британия, Италия, ПЭР, Словения, Словакия, Румыния, КМШ (СНГ), АКШ, Франция, Чехия, Г ерманияда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9