Александр Солженицын

Википедия дан
Солженицын, Александр Исаевич‎»‎ барагынан багытталды)
Александр Солженицын (1994).

Александр Исаевич (Исаакиевич) Солженицын (орус. Алекса́ндр Иса́евич Солжени́цын, 1918-жыл 11-декабрь, Кисловодск - 2008-жыл ​​3-август, Москва) - орус жазуучусу, драматург, публицист, акын, коомдук-саясий ишмер, СССР, Швейцария, АКШ жана Орусияда жашап, иштеген. Адабият боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1970-ж.) Коммунисттик идеяларга, СССРдин саясий түзүлүшүнө жана бийликтин саясатына көп жылдар бою жигердүү каршы чыккан диссидент (1960-1980-жж.).

Адатта курч коомдук-саясий маселелерди козгогон көркөм адабий чыгармаларынан тышкары XIX-XX кылымдардагы Орусия тарыхы боюнча көркөм-публицистикалык чыгармалары менен да таанымал.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучулук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Солженицындын чыгармачылыгы ири эпикалык максаттарды койгону, тарыхый окуяларды карама-каршы жааттан, түрдүү коомдук абалдагы бир нече каармандын көзү менен көрсөткөнү менен өзгөчөлөнөт. Анын стилине библиялык аллюзиялар, классикалык эпос менен (Данте, Гете) ассоциациялар, композициянын символдуулугу, автордун турумунун дайыма анык эместиги (түрдүү көз караштардын кагылышы берилет) мүнөздүү.
Анын чыгармаларын айырмалоочу өзгөчөлүк - даректүүлүк болуп саналат; каармандардын көпчүлүгү жазуучуга жеке тааныш болуп, реалдуу прототиптери бар. "Ал үчүн адабий ойдон чыгармага караганда жашоо көбүрөөк символдуу жана көп ойлуу". "Кызыл дөңгөлөк" (орус. Красное колесо) романына даректүүлүк (репортаж, стенограмма) жана модернист поэтиканын ыкмалары мүнөздүү (Солженицын мында Дос Пассостун таасири болгонун моюндаган); жалпы көркөм философиясында Лев Толстойдун таасири байкалат.

Солженицынга мейли көркөм кара сөздө, мейли эссеистикада орус тилинин байлыгын пайдалануу, Далдын сөздүгүнөн, орус жазуучуларынан жана күнүмдүк турмуштан сейрек сөздөрдү колдонуу, бул сөздөрдү сырт сөздөрдүн ордуна коюу мүнөздүү; бул эмгектин жыйынтыгы "Тилдин кеңейүүсүнүн орусча сөздүгү" (орус. Русский словарь языкового расширения) болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]