Сологойлук
Сологойлук
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кишинин мээсинин өөрчүү процессинде анын функциясы оң жана сол жарым шарынын ортосунда бөлүштүрүлөт. Сол жарым шарда сүйлөө, окуу, жазуу, саноо, логикалык, математикалык функциялар, оң жагына сырткы дүйнөнү көрүү, үн, татаал геометриялык форма жана түстөрдү кабыл алуу туура келет. Ошондуктан сол жарым шар басымдуулук кылуучу же доминанттуу деп аталат.
Кол бутту башкаруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кол-буттун кыймылын ишке ашырууда эки жарым шар тең катышат: сол жарым шар — оң, ал эми оң жарым шар сол кол менен бутту башкарат. Көпчүлүк кишиде сол жарым шар басымдуулук кылгандыктан, оң кол менен иштөө жана тамак ичүү демейдеги көрүнүш. Кээ бир кишиде оң жана сол жарым шардын функциясы тескерисинче бөлүштүрүлөт. Бул учурда оң жарым шар басымдуулук кылгандыктан сол кол үстөмдүк кылат. Бирок өндүрүш жана тиричилик аспаптары жана көпчүлүк эмгек куралы оң колго ылайыкталгандыктан, сологой балдарды оң колу менен иштөөгө үйрөтүү керек. Баланы тажатып, психикасына таасир этпей, чыдамдуулук менен үйрөтүү зарыл. Сологойлордун көбү оң колу менен иштөөгө үйрөнөт, бирок көп күч жумшалуучу иштерди сол колу менен иштейт. Мисалы, сологой хирург, сүрөтчү, саат оңдогуч жана башкалар. Кээде мисалы, оң колдун мууну, булчуңу, нерв жабыркаганда айласыздан сологойлук болушу мүмкүн. Бул учурда да оң колу менен иштөөгө үйрөтүү зарыл.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8