Спа конференциясы (1920)

Википедия дан

Спа конференциясы (1920) - Сан-Ремо конференциясынын (1920) чечими боюнча Aнтантa державаларынын Жогорку советинин 1920-ж. 5-16- июлда Спа шаарында өткөргөн заседаниеси.

Ага Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Португалия, Бельгия жана өздөрүнө тиешелүү маселелер талкууланганда Германия менен Польша да катышкан.

Спа конференциясы Версаль тынчтык келишиминин согуштук статьяларын орундатууну созо туруу жөнүндөгү Германия өкмөтүнүн сунушун канааттандырган. Германия репарациялардын эсебинен ай сайын 2 млн г көмүр берүүгө аргасыз болгон. Репарация алууга укуктуу ар бир өлкө үчүн үлүш (квота) гана белгиленген. Антантанын Жогорку советинин тапшыруусу боюнча Англиянын тышкы иштер министри советтик аскерлердин чабуулун «Керзон линиясында» токтотуу максаты менен Совет өкмөтүнө кайрылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.