Султанов Кадырмат

Википедия дан

Султанов Кадырмат (1905, азыркы Алай району, Сопу-Коргон кыштагында төрөлгөн - 1957, Ленин району, Ленин-Жол кыштагы) - сомамл. жана партиялык ишмер. Социялистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. 1929-жылдан КПСС мүчөсү Эмгекжолун 1927-ж. баштаган. Комсомолдук, мамлекеттик партия жана чарбалык уюмдарда иштеген. 1948-жылдан Кыргызстан Компартиясынын Лейлек райондук комитетинин, 1951 - 57-жылдары Ленин райкомунун 1-секретары. Анын жетекчилиги менен район пахта жана мал чарбасы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 1951-59-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.