Сыйынуучу жайлар

Википедия дан

Сыйынуучу жайлар - Кудайга сыйынуу жана диний жөрелгөлөрдү өткөрүү үчүн атайын курулган имараттар.

Мындай өзгөчө сыйынуучу имараттарды куруу алгачкы коомдо варварчылыктын ортоңку баскычынын аягында, же анын жогорку баскычында пайда болгон. Алар пайда болгонго чейин сыйынуу жөрөлгөлөрү ачык жайларда адатта жалгыз, чоң, тике тургузулган таш менен белгиленген алтарда өткөрүлгөн. Кийин татаалыраак мегалиттик курулуштар - кромлехтер жасалат. Эң байыркы мегалиттик эстеликтер неолит дооруна таандык. Мамлекетке чейинки коомдо пайда болгон, кылымдардын тереңинен келаткан сыйынуучу жайларды салуу салты кийинки доорлордо типтеринин, образдарынын жана курулуш ыкмаларынын ар түрдүүлүгү боюнча таң калтырган курулуштарга өткөн. Бул курулуштар өз мезгилиндеги коомдун идеологиясы жөнүндө ой жүгүртүүгө гана мүмкүнчүлүк бербестен, ошол эле учурда материалдык маданияттын үлгүлөрү боюнча булак да болуп саналат. Аларды курууга коомдоогу өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү дэңгээлине ылайык келген, курулуш искусствосунун мыкты жетишкендиктери пайдаланылган: курулуш материалдары, куруу техникасы, архитектуралык ой - баары кызматы боюнча өтө маанилүү жана бараандуу мындай имараттарды курууда коюла турган милдеттердин деңгээлине дал келүүгө тийиш болгон.

Аларды пландаштыруу, ошондой эле алардын сырткы көрүнүшү бул имараттар аткара турган сыйынуучулук функцияга жана диний идеяларга ылайык жасалган, бирок аларды элдин арасынан чыккан усталар кургандыктан айрым усталарда сөзсүз элдик көркөм көз-караш берилген. Ошондуктан мындай монументалдык курулуштар үстөмдүк кылуучу таптын суроо-талабы боюнча курулганына карабастан, бүткүл коомдун көркөм көз караштарынан кабар берген.

Түрдүү диндерге таандык сыйынуучу имараттар белгилүү, так, бирибиринен айырмаланган приндиптер боюнча курулган, алар пландаштыруунун композициялык ыкмаларында да, ошондой эле сырткы жасалгаларында, интерьерде чагылдырылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.