Сырдыбай уулу, Бердике

Википедия дан

Бердике баатыр, Бердике Сырдыбай улуу (18-к-дын ортосу, азыркы Талас р-ну, Бешташ капчыгайы- 18-дын аягы, Анжиян ш.)- түндүк (аркалык) кыргыздардын Жунгар хандыгына каршы күрөшүн уюштуруучулардын жана жетекчилердин бири.
Саруу уруусунун алакчын уругунан. Кушчу, жетиген урууларынын башчысы Эр Солтоной, Итим баатыр, солто элинен Жайыл менен Кошой, саяктардын эр Садыр, сарбагыштан Атаке баатыр ж. б. менен бирдикте кыргыз жергесин жунгарлардан бошотууда айрыкча таанылган. Санжырачылардын айтуусуна караганда, Бердике баатыр жоого киргенде жайдак ат минип, кылыч чаап, айбалта соккон. Жогоруда аталган баатырлар менен Талас өрөөнүнөн, Чүйдөн, Кеминден баскынчыларды сүрүп, Ысык-Көлдүн тескейин бошотушкан. Бердике баатыр үч жыл көл боюнда туруп, хан Бердике аталган. Бердике кийин Таласка келип кокон бийи Эрденеге каршы аттанган. Ушул жортуулунда Бердике баатырды Анжиянда Эрдене бийдин тыңчылары ууланган жебе менен капысынан атып өлтүрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы. Энциклопедия.-Б., 2003-ж.
  • Аттокуров С. Кыргыз санжырасы.-Б., 1995. 145-147 б.б.
  • Осмонов Ө. Ж. Кыргызстан тарыхы (байыркы доордон биздин күнгө чейин).-Б., 2008