Сырнайза

Википедия дан

СырнайзаМанастын найзасынын энчилүү аты. Ал ат үстүнөн сайышууга ылайыкталган атайын жасалган согуштук курал. С. алып жүргөн адамга карата ал "бийликтин" символдук милдетин аткарып калат. Ошондуктан, анын жасалышына, сыпатына, кооздугуна өзгөчө көңүл бурулган. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Бөлөкбай уста жасаган учу жана мизи атайын тандалган курч болоттон ширетилип чыгарылат. Сабы "он эки түрдүү кырдалып, тарамыш менен чырмалып, желим менен чапталып" жасалат. Бул болсо саптын бекемдүүлүгүн жана серпилгичтигин күчөткөн. Жортуул учурунда С. кошундун туусу менен бирге жоокерлердин алдында алынып жүрүлгөн. Өлүм учурунда "аза туусу" байланып үй жанына коюлган. С. Манастан Семетейге мурас болуп калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4