Сүрөт тартуу, сүрөт салуу, сүрөт түшүрүү

Википедия дан

Сүрөт тартуу, сүрөт салуу, сүрөт түшүрүү – окуу предмети катары сүрөт тартуунун эң жөнөкөй негиздерин окутуп, жалпы орто билим берүүнүн талаптарына жооп бергидей билим жана ыктарын иштетип чыгуу менен бирге эстетикалык тарбия берүүнүн негизги бөлүгү.

Россияда алгач сүрөт сабагы XVIII кылымдын биринчи жарымында (1733-ж.) аскердик окуу жайларындагы кадеттик корпустарда, тоо кендерин иштетүү заводдорундагы мектептерге киргизилген. XIX кылымдын башында сүрөт сабагы жалпы орто билим берүүчү мектептердеги атайын окуу предметтери катары кошулган. 1838-жылы А. П. Сапожниковдун «Сүрөт тартуунун курсу» деп аталган окуу усулдук китепчеси басылып чыккан. Сүрөт сабагынын окуу предмети болуп калыптанышына Россиядагы Көркөм Академиянын, белгилүү художниктер И. Е. Репин, П. П. Чистяковдун тийгизген таасири зор. В. И. Ушинский да ошол мезгилдеги эстетикалык тарбия берүү жаатында жүргүзүлүп, иштерге чоң маани берген. XX кылымда орустун белгилүү методисттери В. И. Бейер, К. М. Лепилов, В. С. Мурзаевдин предметти окутуунун методикасын байытуудагы кошкон салымдары чоң.

Совет мезгилинде 1985-жылдарга чейин Кыргызстанда Россиядан чыккан программалар орусчадан кыргызчага которулуп окутулуп келгендиги маалым. Ал программаларда окуу-тарбия иштерин жүргүзүү үчүн сабактын төрт түрү каралган: натурадан сүрөт тартуу, темага карата сүрөт тартуу, декоративдүү сүрөт тартуу, сүрөт искусствосу жөнүндө аңгеме өтүү. Жогоруда аталган сабактын төрт түрү 1-класстан 7-класска чейин кайталанып окутулушу окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун төмөндөткөн. 1985–1993-жылдардын аралыгында жогоруда аталган негизги программадагы айрым темалар киргизилип жергиликтүү материалдар менен толукталган. 1993-жылы атайын элибиздин көркөм өнөр мурастарынын негизинде кыргыз мектептери үчүн жаңы окуу программасы түзүлгөн. Сабактын мазмунун жана окутуунун ыкмаларын жаңылоо максатында 1997-жылы сабактын аты жаңыча «Көркөм өнөр» болуп аталган, программага ылайык бала бакчалардын тарбиячылары, башталгыч класстардын мугалимдери жана ата-энелер үчүн «Көркөм өнөр булагы» деп аталган усулдук колдонмонун биринчи бөлүмү Д. А. Акматов, С. Бердибаева, Р. А. Маркова тарабынан даярдалып, 2002-жылы басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,