Сүт (биология)

Википедия дан

Сүт (биология) – лактация, мезгилинде сүт бездери иштеп чыгаруучу жана баласын тоюттандыруучу секрет. С. иштетип чыгаруучу бездери морфол-сы жана функциясы жагынан алганда татаал орган болуп эсептелет. Лактация учурунда С. алвеолдордо, С. толчу атайын жайларда тынымсыз топтолот. С. бездери кан аркылуу келген глюкозаны , амин к-таларды, орг. эмес заттарды сиңирип алып, С-түн негизин түзгөн лактозаны, С. майын жана белокторун иштетип чыгарат, 1 л С. иштетилип чыгуу үчүн С. бездери аркылуу 400-500 л кан өтөт.

С-түн курамына суу, май, минардык заттар, витаминдаер, ферменттер, гормондор, иммундук денечелер жана башка 100гө жакын май к-талары кирет. Алардын ичинен 45 % каныккан, 55 % каныкпаган май к-талары. Майдын курамына мындан бөлөк дагы глицерин кирет. Глицерин көбүнчө С. бездеринде глюкозадан алынат. Лактация учурунда 12-15 л С. берген уйдун сүтү менен минутасында 0,66 г май, 0,80 г лактоза, 0,60 г белок бөлүнүп чыгып турат. С-түн курамында айрыкча аскорбин к-тасы (витамин С) бээнин С-үндө көп болот (33 мг %), кымызда 25 мг %), аялдын С-үндө витамин С 5-6 эсе аз.

Казеин – сүттүн өзгөчө белогу, 4 түрү бар: a b g c - 50:30::5:15

С-тө казеинден бөлөк лактоглобулин, лактоальбумин жана башка белок заттары бар.

Лактоза – сүттүн негизги углеводу, галактоза менен глюкозадан турат. С. менен азыктанган жаныбарда лактоза алардын ичегилеринде керек бактериялардын өсүүсүн камсыз кылат. Лактозанын кычкылдануусунан кийин пайда болгон С. к-тасы өсүп келе жаткан жаш организм үчүн керек кальций жана фосфор менен камсыз кылат. Лактозанын синтези гипофиздин пролактин гормону менен көзөмөлдөнөт.

Тууттан кийин 5-10 күнгө чейин С. безинен ууз бөлүнүп чыгат. Бул түсү өтө саргыч тарткан коюу суюктук. Ууз С-төн физ., хим. касиеттери менен айырмаланат. С-кө караганда ууздун курамында 5 эсе көп белок заттары бар, анын жарымы иммундук глобин белоктору. Бул глобулиндердин курамындагы антителолор жаңы төрөлгөн организмдин иммунитетин пайда кылат. Ууз каротинге, витаминдерге бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]