Эмизүү (лактация)

Википедия дан
Лактация

Лактация— аялдардын жана сүт эмүүчү айбандардын ургаачысынын бездериндеги сүттү пайда кылуу, топтоо жана бөлүп чыгаруу процесси. Лактация татаал нейрогумордук процесс болуп эсептелет. Аны жөнгө салууда негизги роль гипоталамус жана гипофизге тиешелүү. Лактация төрөттөн кийин башталат. Ал маммогенез (эмчек безинин жетилүүсү), лактогенез (сүттүн пайда болушу жана бөлүнүп чыгуусу) стадиясынан турат. Маммогенез бойго бүткөндөн 2—3 айдан кийин башталып, бездин сүт жаратуучу клеткалары көбөйөт, эмчектин үрпү чоңоёт. Лактогенез учурунда эмчек альвеолаларынын (сүт жыйыла турган баштыкча) эпителий клеткаларында сүттүн составында глюкоза, нейтралдуу май жана май кислоталары, витаминдер жана башка органикалык заттар синтезделип акырындык менен топтоло баштайт. Аялдар төрөгөн күнү эмчектен бир нече тамчы ууз чыгат. 4—5 күндө эмчек сүтү акырындык менен көбөйөт да, 8—9 жумадан кийин өзүнүн эң жогорку деңгээлине (суткасына 1 —1,5 л) жетет. Эмчек сүтү-баланын негизги тамагы; сүт канчалык коюу болсо, ал ошончолук жагымдуу. Бала эмизген энелер аш болумдуу тамак ичүүгө (орто эсеп менен суткасына 110—130 г белок, 100—130 г май, 450—500 г углевод, 3,5 мг Вг, 25 мг Р, 4 мг Вб, 100 —120 мг С витаминдерин кабыл алууга) тийиш. Ошондой эле суюктукту, сүттү, сүт азыктарын (быштак жана башкалар) көбүрөөк колдонуу пайдалуу. Лактация аялдын дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүтүнө, нерв системасынын туруктуулугуна, мүнөзүнө, төрөттөн кийинки ден соолугуна, анын туура режимде тамактануусуна, баланы режим менен эмизүүсүнө байланыштуу болот. Кээ бир энелердин эмчегинен төрөттөн кийин сүт такыр чыкпайт (агалактия), айрымдарыныкынан сүт аз чыгат (гипогалактия), кээ бир аялдарда сүттүү болот (гиперлактия). Агалактия абдан сейрек учурайт, ал негизинен эмчек безинин жетилбей калышынан, эндокриндик, кээде психикалык бузулуулардан болот. Гипогалактия эмчек безинин начарлыгына же эмчектин үрпүнүн жакшы өспөгөнүнө, баланын эмчек сорбогондугуна, сүттүн пайда болушуна катышкан гормондордун жетишсиздигине, ооруга (кант диабети, мастит, рак, нефрит жана башкалар) байланыштуу болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8