Сөөк жана мүйүздөн буюмдарды жасоо

Википедия дан

Сөөк жана мүйүздөн буюмдарды жасоо - Аңчылык, мал-чарбалык, дыйканчлык менен кесиптенген элдердин кол өнөрчүлүгүндө, үй-чарба өндүрүшүндө кеңири таралган.

Адатта чоң, көңдөй сөөктөр пайдаланылат. Сөөктү колдонуунун чоң манниге ээ болушун металл менен жыгачтын жетишпегени менен жана айрым элдердин өндөрүштүк салтына байланыштуу түшүндүрүүгө болот. Өндүрүштүк салттарга байланыштуу болгондо баалуу буюмдарды (скульптура ж.б.) жасоо үчүн сөөктү алыстан ташып келиши мүмкүн. Башка учурларда негизинен союлган малдын сөөгү иштетилет. Сөөк менен мүйүздү иштетүү этностук маданияттын өнүгүү өзгөчөлүгүнө жараша болот. Чөлдөгү малчылар менен тундрада жашоочулар сөөктү, мүйүздү интенсивдүү пайдаланышат. Мүйүз менен сөөк бекемдиги боюнча металлдан бир аз эле айырмаланса да, көп сапаттары боюнча металл жогору турат. Ошондуктан арзан металлдын табылышы менен сөөктөн жасалуучу көп буюмдар металлдан жасала баштайт. Ошентсе да, сөөк менен мүйүздүн металлдан бир аз артыкчылыгы - алар жеңил, ысыкта ысыкты, суукта суукту көп өткөрбөйт. Арктикалык областтарда жашаган элдерде б.а. ненецтерде, якуттарда, эвенктерде, чукчаларда, эскимостордо металл табуу жеңил экендигине карабастан сөөк менен мүйүз түрдүү максаттарда кеңири пайдалынылып келе жатат.

Башка шарттарда, сөөк менен мүйүздүн морттугуна, отко чыдамсыздыгына байланыштуу металл жайылган сайын салттуу өндүрүш чөйрөсүнөн сүрүлүүдө, анын үстүнө сөөк, мүйүз буюмдар даярдоо өлчөмү, формасы боюнча чектелүү.

Куралып жасалуучу буюмдарды металлеыз кураштыруу да көпкө чыдабайт жана ишенимсиз болгон. Ошондуктан алар негизинен кооздук буюмдарын жасоодо, майда кустардык өндүрүштө пайдаланылып калды. Мында регионалдык, этностук өзгөчөлүктөр даана байкалат. Пил сөөгү, керик мүйүзү, ташбаканын панцири көпкө чейин культтук буюмдарды жасоо үчүн, өзгөчө искусствонун баалуу үлгүлөрүн жасоодо, мозаика, металл жана жыгач буюмдарды инкрустациялоо үчүн пайдаланылган (өзгөчө Африкада, Индияда, Түштүк-Чыгыш Азия аймактарында). Эң байыркы мезгилдерде мүйүз менен сөөктү пайдалануу кеңири тараган. Эне-аялдын элеси түшүрүлгөн палеолит мезгилиндеги эң байыркы скульптуралар мамонттун мурун сөөгүнөн жасалган.

Бугунун, багыштын мүйүзүнөн бийлик символдору, куралдардын сабы, жебе, жаанын каптагычтары, ооздуктун, куралардын, идиштердин бөлүктөрү жасалган. Скифтер, сарматтар доорундагы айрым евразиялык маданияттарда көркөмдөлгөн буюмдар үчүн, майда-барат тиричилик буюмдарын жасоодо жылкынын туягынын сырткы мүйүз кабыгын пайдаланышкан. Кооздук буюмдарын өзүнүн формасы, өлчөмү, аларга орнаменталдык сюжеттерди жайгаштыруу жана барельефтик сүрөттөрдүн тереңдиги сөөктүн алгачкы табигый өзгөчөлүктөрүнө жараша болот: алардын сүйрү узун пластинкалары туурасы 20 см бийиктиги 6-8 см келет. Сөөктү, мүйүздү иштетүүнүн ыкмалары да түрдүү болгон. Аларды түрдүү жолдор менен жумшарта алышкан, тарамыш жиптер менен өгөөлөп кесишкен, таш араа менен араалашкан, катар тешиктерди жасап,ошол аркылуу сындырышкан ж.б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.