Тажо

Википедия дан
Тежу.

Тажо, Тежу (испанча Tajo, португалча Tejo) – Испания менен Португалиядагы дарыя. узундугу 1010 км (Пиреней жарым аралындагы эң узун дарыя), алабынын аянты 81 миң км2. Универсалес тоосунан башталып, Месета тайпак тоосу, Португалия ойдуңу менен агат да, Лиссабон шаары тушта Атлантика океанына куят. Суунун орточо чыгымы 430 м3/сек; ноябрдан апрелге чейин суусу кирет. Жаан-чачындан куралат. Негизги куймалары: Тахунья, Гьетар, Алагон (оң) жана Салор (сол). Алабында 60тан ашык суу сактагыч, ГЭС (анын ичинде Алькантара – Европанын ири ГЭСтеринин бири) курулган. Сугатка пайдаланылат. Балык кармалат. Чатынан 185 кмге чейин кеме жүрөт. Боюнда Толедо (Испания) жана Лиссабон шаары (Португалиянын борбору) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]