Талат Текин

Википедия дан
Талат Текин
Talat Tekin
Ишмердүүлүк тармагы:

лингвист, акын

Туулган датасы:

16 -август 1927(1927-08-16)

Туулган жери:

Гебзе, Кожаэли провинциясы, Түркия

Жарандыгы:

 Түркия

Өлгөн датасы:

28 -ноябрь 2015(2015-11-28) (88 жаш)

Өлгөн жери:

Бодрум, Мугла провинциясы, Түркия

Балдары:

Кызы: Өзлем Текин

Талат Текин (түрк. Talat Tekin, 1927-2015) — түрколог, алтаист, филология илимдеринин доктору, акын.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талат Текин Түркиянын Кожаэли провинциясына караштуу Гебзе районунда 1927-жылы 16-июлда туулган. Башталгыч билимин Гебзеде (1934-1939),орто жана жалпы билимин Стамбулда алган (1939-1945). 1951-жылы Стамбул университетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1951-жылдан 1957-жылдар аралыгында Измир, Трабзон жана Битлис шаарларында мектепте мугалим болуп иштеген. 1957-1961-жылдары Түрк тил коомунда грамматика адиси болуп иштеген. 1961-жылы АКШдагы Калифорния университетинин Жакынкы чыгыш тилдери кафедрасында түрк тили боюнча ассистенттикке орношкон. Ошол эле жылы докторантурага тапшырган. 1965-жылы "A Grammar of Orkhon Turkic" (Орхон түрк тилинин грамматикасы) аттуу докторлук диссертациясын коргоп, филология илимдеринин доктору наамын алган жана Калифорния Беркли университетинде профессор катары иштей баштаган. 1969-1970-жылдар ортосунда Түркиядагы Хажеттепе университетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө сабак берген. 1970-жылы Стамбул университетинде "Ana Türkçede Aslî Uzun Ünlüler" (Прото-түрк тилиндеги баштапкы созулма үндүүлөр) аттуу доценттик диссертациясын жактаган. 1972-жылы Түркияга бирото кайтып, Хажеттепе университетинде Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө окутуучу болуп эмгектене баштаган. 1975-жылы "Volga Bulgar Kitâbeleri ve Volga Bulgarcası" (Волга булгар жазма эстеликтери жана Волга булгарларынын тили) аттуу диссертация менен профессор болгон. 1982-жылы аталган бөлүмдүн башчылыгына дайындалып, 1994-жылы пенсияга чыккан. 1997-2002-жылдар аралыгында Стамбулдагы Йедитепе университетинде иштеген. Талат Текин 2015-жылдын 28-ноябрында көз жумган.

Илимий изилдөөлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талат Текин - изилдөөлөрүнүн көп жактуулу менен айырмаланган окумуштуу. Анын чуваш тилинин түрк тилдеринин арасындагы орду; прото-түрк тилиндеги зетасизм жана сигматизм маселеси; Түркиядагы тил реформасы; байыркы түрк тили; орхон-енисей жазма эстеликтери; этимология маселелери; түрк тилдеринде алфавит ж.у.с. жааттарда эки жүздөн ашык макаласы, отуз беш китеби жарык көргөн. Окумуштуунун түрк, англис жана орус тилдеринде түрдүү басылмаларда жарык көргөн бул макалалары, рецензиялары Э. Йылмаз жана Н. Демир тарабынан үч китептен турган макалалар жыйнагына бириктирилип жарыяланган: "Макалалар I: Алтаистика" (2003), "Макалалар II: Тарыхый түрк жазма тилдери" (2004), "Макалалар III: Азыркы түрк тилдери" (2005).

Илимий көз караштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талат Текин түрк, монгол, тунгус-маньчжур, корей, кытан жана (мүмкүн) жапон тилинин да бир тектен келгендигин белгилеген "Алтай теориясынын" жактоочулардын бири болуп эсептелет. Түрк тилдерине карата көпчүлүк түркиялык окумуштуулар колдонгон "түрк диалекттери" (Türk lehçeleri) терминине каршы чыгып, "түрк тилдери" деген терминди колдонгон. Талат Текиндин илимий сын макалалары, рецензиялары курчтугу жана өткүрлүгү менен айырмаланат.

Кээ бир эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Орхон түркчөсүнүн грамматикасы" (1968, 2000, 2017), "Прототүрк тилиндеги баштапкы созулма үндүүлөр" (1975), "Дунай булгарлары жана тилдери" (1987), "Хундардын тили" (1993), "Ырк битиг" (1993), "Түркология сындары" (1994), "Тонйукук жазма эстелиги" (1994, 1997), "Түрк тилдеринде баштапкы созулма үндүүлөр" (1995), "Орхон жазуулары" (1995,2006).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Doğumunun 80. Yıl Dönümü Dolayısıyla Prof. Dr. Talat Tekin'in Hayatı ve Eserleri, Osman Fikri Sertkaya, Türk Dili, Dil ve Edebiyat Dergisi, 2007, S. 672, s. 874-889.
  • Prof. Dr. Talat Tekin'in Ardından, Emine Yılmaz, Türkbilig, 2016/31, 205-222.