Талкуу:Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Кемчиликтер[булагын түзөтүү]

@Aiylchy Саламатсызбы. Макаланын аталышын так бере аласызбы ? Аталыш макаланын маңызын (предметин) чагылдырышы керек.

Ошондой эле, макаларыңыздын тариздөөсүн кеп кылсак. Сноскаларыңыз кээде сүйлөмдөн тышкары жайгашууда, преамбулада макаланын предмети (аталышы) калыңдатылып жазылат ж.б.

Мындан тышкары макалалар бейтараптуу болушу керек. Макалаларды трибунага айлантпоого чакырам. Bosogo (баарлашуу) 16:20, 17 апрель 2023 (UTC)[жооп берүү]

Бул аталышы так: Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар. Балким "Жыныстык жана репродуктивдик" десе дагы болот. Бул аталышты бардык уюмдар колдонот: https://kyrgyzstan.unfpa.org/ky/topics/%D1%81%D0%B5%D0%BA%D1%81%D1%83%D0%B0%D0%BB%D0%B4%D1%8B%D0%BA-%D0%B6%D0%B0%D0%BD%D0%B0-%D1%80%D0%B5%D0%BF%D1%80%D0%BE%D0%B4%D1%83%D0%BA%D1%82%D0%B8%D0%B2%D0%B4%D0%B8%D0%BA-%D1%83%D0%BA%D1%83%D0%BA%D1%82%D0%B0%D1%80
Англисче: Sexual and reproductive health and rights. Орусча: Сексуальные и репродуктивные права и здоровье. Aiylchy (баарлашуу) 09:52, 18 апрель 2023 (UTC)[жооп берүү]
@Aiylchy Википедияда энциклопедиялык макалалар жазылууда. Википедия блог эмес, социалдык тармактагы баракча, илимий журнал, массалык маалымдоо каражаты ж.б. у.с. нерсе эмес (1 принцип). Ал уюмдун макаласы энциклопедиялык эмес. Энциклопедиялык макаланын өз түзүмү бар (макаланын аталышына (предметине) башында аныктама берилет жана жалпы түшүнүктү жаратуу үчүн жалпы маалымат берилет (преамбула). Энциклопедиянын өз логикасы, жалпы түзүмү бар.

«Жыныстык жана репродуктивдик ден соолук» же «Жыныстык жана репродуктивдик укуктар» деп берилсе болот эле. Бирок «жана» мүчөсү энциклопедиялык макалалардын аталыштарында негизинен колдонулбайт. Колдонуудагы аталышта ал мүчө эки жолу колдонууда. Айтаканым түшүнүктүүрөөк болсун деп, мисалдарды келтирейн:
  • макаланы «Лексика жөнүндө жалпы түшүнүк» дегендин ордуна жөн эле «Лексика» деп атоо керек;
  • «эркектер менен аялдардын укуктары» —> «Адамдын укуктары» (теманы жалпы чагылдырган макала, керек болсо тармактык маселеге (темага) өзүнчө макала түзсө болот «Аялдардын укуктары» ж.б.);
  • «де-факто жана де-юре» —> эки бөлөк макалага бөлүнүшү керек: 1) «Де-факто», 2) «Де-юре»;
  • «Адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө» макаласында камтылган маалымат башка тармактык макалалардын предмети болушу мүмкүн —> «Экология», «Адамдын ден соолугу», «Ден соолук» (адамдан тышкары), «Дене тарбия» ж.б.
  • «Кир суу козгогон оорулар» — энциклопедиялык макала эмес, балким журналдарды, гезиттерде, окуу куралдарында, китептерде, илимий макалаларда, блогдордо жарактуу аталыш, бирок Википедия — энциклопедия болгондугуна байланыштуу жарабайт. Мындай макала өчүрүлүп, камтыган маалыматын тийиштүү макалаларга контекстке жараша жайгаштырылат.
Логика түшүнүктүү болсо керек.
Мурда түзүлгөн Репродуктивдик укуктар макаласы да бар. Билсеңиз керек, бир предметке 2-4 макала түзүлбөшү керек. Кыргыз Википедиясында андай макалалар толтура. Бир айылга 3-4 макала жазылган. Андыктан бул жагдайды да эске салыңыз. Макаланын предметин так аныктап аталышында же «жыныстык/сексуалдык» же «репродуктивдикти» калтыруу керек. Макала ден соолук же укуктар жөнүндөбү ? Эгерде саясий концепция ж.б. боло турган болсо, анда андайдын аталышы так, ачык-айкын берилиши керек. Башында аныктама берилет (... концепциясы ж.б. у.с.), бейтараптуу жазылат, эмоциялык чагылдырууга жол берилбейт (эң сонун, эң туура, эң кооз ж.б.), жарнама кылынбайт, макалага тиешеси жок бөлүмдөр кошулбайт (бул макаладагы «Кыргызстандагы жыныстык билим берүү» бөлүмү сыяктуу, эгерде ал тармактагы билим берүү макалага тиешелүү болсо, анда конкреттүү өлкөгө байланыштырбай жазуу керек; жанагы бөлүмдөн болсо өзүнчө макалага кылуу керек). Керек болсо башка Википедияларды карап көрсөңүз болот. Bosogo (баарлашуу) 16:44, 18 апрель 2023 (UTC)[жооп берүү]
Репродуктивдик укуктар тукум улоо менен байланышкан укукар, сексуалдык укуктар тукум улоо менен байланышы болбошу мүмкүн.
Сексуалдык жана Репродуктивдик Ден соолук жана Укуктар бир уюм тарабынан эмес, бул тема боюнча иштеген бардык уюмдар тарабынан колдонулат. Жалпы кабыл алынган бир түшүнүк, кыскартылып орусча СРЗП дешет, англисче SRHR дешет.
Бул 4 теманы камтыган чоң тема, алардан көз карандысыз 4 подтема дагы жазып, чоң темага шилтеме берсе болот. Англис тилинде ошентишти, чоң тема 4 теманы камтыйт, 2 подтема - "репродуктивдик укук" жана "сексуалдык ден соолук жана укук" деп.
Англис тилиндеги википедия макаласы: https://en.wikipedia.org/wiki/Sexual_and_reproductive_health_and_rights Aiylchy (баарлашуу) 03:12, 19 апрель 2023 (UTC)[жооп берүү]
@Aiylchy Аталыш боюнча түшүнүктүү. Башка тилдүү макалалар менен байланыштырдым.
Немис тилдүү Википедиясында башкача аталыптыр: IPPF-Charta der sexuellen und reproduktiven Rechte (котормосу: Үй-бүлөнү пландоо эл аралык федерациясынын Жыныстык/сексуалдык жана репродуктивдик укуктар боюнча хартиясы).
Хартиянын немис тилиндеги тексти: https://www.profamilia.de/fileadmin/profamilia/ippf_charta.pdf.

Салыштыруу үчүн:
  • кыргыз тилиндеги макалада: «Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар (СРДСУ) ― бул репродукцияга жана сексуалдуулукка карата колдонгон адам укуктарынын бир бөлүгү» деп жазылуу;

  • немис тилиндеги макалада: «Die IPPF-Charta der sexuellen und reproduktiven Rechte formuliert sexualitätsbezogene Rechtsansprüche, die auf den allgemeinen Menschenrechten beruhen. Sie wurde von der Mitgliederversammlung der International Planned Parenthood Federation (IPPF) im November 1995 verabschiedet und dient allen Mitgliedsorganisationen weltweit als verbindlicher ethischer Bezugsrahmen.»
    (котормосу: Үй-бүлөнү пландоо эл аралык федерациясынын Жыныстык жана репродуктивдик укуктардын хартиясында адамдын жалпы укуктарына негизделген сексуалдуулукка байланыштуу укуктук талаптар жазылган. 1995-жылдын ноябрында Эл аралык үй-бүлөнү пландаштыруу федерациясынын (ЭҮПФ) мүчөлөрүнүн Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган, ал дүйнө жүзү боюнча бардык мүчө-уюмдар үчүн милдеттүү этикалык негиз болуп саналат.);

  • англис тилиндеги макала: «Sexual and reproductive health and rights or SRHR is the concept of human rights applied to sexuality and reproduction».
(котормосу:Жыныстык жана репродуктивдик ден соолук жана укуктар же ЖРДУ сексуалдуулукка жана тукум улоого карата колдонулган адам укуктарынын концепциясы).

Тармактык темаларды чагылдырган бөлүмдөрдүн башына {{Негизги макала}} калыбын жайгаштырсаңыз болот. Bosogo (баарлашуу) 18:32, 19 апрель 2023 (UTC)[жооп берүү]