Тамил тили
Расмий аталышы: |
தமிழ் |
---|---|
Айтылышы: |
Tamil |
Өлкөлөр: | |
Расмий статусу: | |
Колдонгондордун жалпы саны: |
75 млн (2011-2015)[1] |
Классификациясы | |
Түрмөгү: | |
| |
Жазылышы: | |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
ta |
ISO 639-2: |
tam |
ISO 639-3: |
tam |
Тамил тили (தமிழ், Tamiḻ[2]) — Индияда жана Шри-Ланкада жашаган тамилдер сүйлөгөн дравид тили. 2000 жылдан ашуун жазуу тарыхы бар тилде болжол менен 75 миллион адам сүйлөйт. Бул тил Шри-Ланкада жана Сингапурда расмий тил, ошондой эле Индиянын Тамил Наду штатынын жана Пудучери союздук аймагынын расмий тили болуп саналат. Малайзияда тамил тили 543 башталгыч мектепте окутулат.
Классификация
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тамил тили дравид тил үй-бүлөсүнүн түштүк дравид бутагына кирет. Бул тил үй-бүлөсүндө ал эң жакын тил батыштагы коңшусу — малаялам тили. Малаялам жана тамил тилдери IX кылымда бири-биринен айырмалана баштаган[3]. Эки тилдин ортосундагы айырмачылыктар тарыхка чейинки батышта диалектизацияны көрсөтсө да[4], малаялам жана тамил тилдеринин тилдик бөлүнүшү XIII же XIV кылымда болгон[5].
Тамил лексикасында коңшу тилдерден жана индустан, санскрит жана перс сыяктуу башка тилдерден кирген көптөгөн сөздөр бар.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тамил тилинин 2000 жылдан ашуун жазуу тарыхы бар[6][7]. Жазуу тарыхынын биринчи фазасы б.з.ч. 300-жылдан[8][9][6][10][11] б. з. 300-жылга чейинки мезгил болуп саналат, сангам адабияты менен мүнөздөлөт жана ушул мезгилде сакталып калган дравид тилинин эң алгачкы жазма үлгүлөрү түзүлгөн[12][13][14].
Эски тамил тили кийинчерээк орто тамил тилине айланган. Бул процесс XIII кылымда аяктап, тилде түрдүү фонологиялык жана грамматикалык өзгөрүүлөр болгон[15]. "Айтам" (ஃ) аттуу фонема чындыгында тилден жок болуп, ошол эле учурда тилде аористтик чактын биринчи колдонулушу башталган[16] . 1578-жылы португалиялык миссионерлер биринчи тамил тилинде тиленүү китебин басып чыгарышып, тамил тили басылып чыккан биринчи инди тил болгон[17].
Орто тамил заманбап тамил тилине айланган. Бул мезгилде европалык тилдердин таасири менен бул тилдерге мүнөздүү тыныш белгилери колдонула баштаган. Мындан тышкары тилди санскрит элементтеринен тазалоо үчүн түрдүү кыймылдар пайда болгон[18].
Жазуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Заманбап тамил жазуу системасы абугида, тамил-брахми тектүү брахми жазуусу. Бул жазуу системасында 12 үндүү, 18 үнсүз жана бир өзгөчө тамга бар.
Сандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тамил тилинде сандар менен 10, 100 жана 1000 сандары үчүн атайын тамгалар бар. Ошондой эле күн, ай, жыл жана ар кандай үлгүлөр үчүн да атайын колдонуулар бар.
0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 100 | 1000 |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
௦ | ௧ | ௨ | ௩ | ௪ | ௫ | ௬ | ௭ | ௮ | ௯ | ௰ | ௱ | ௲ |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Archive copy. Текшерилген күнү 16 -июль (теке) 2020. Түп булактан архивделген күнү 1 -август (баш оона) 2020.
- ↑ Tamil, n. and adj.. Oxford University Press.
- ↑ Concise Encyclopedia of Languages of the World, Elsevier, 2010, p. 297
- ↑ Menon, A. G. (2009), Some observations on the sub-group Tamil-Malayalam: Differential realizations of the cluster * ṉt, Bulletin of the School of Oriental and African Studies, p. 87, doi:10.1017/S0041977X00021285
- ↑ (Andronov 1970, С. 21)
- ↑ 6.0 6.1 (Zvelebil 1992, С. 12): "...the most acceptable periodisation which has so far been suggested for the development of Tamil writing seems to me to be that of A Chidambaranatha Chettiar (1907–1967): 1. Sangam Literature – 200BC to AD 200; 2. Post Sangam literature – AD 200 – AD 600; 3. Early Medieval literature – AD 600 to AD 1200; 4. Later Medieval literature – AD 1200 to AD 1800; 5. Pre-Modern literature – AD 1800 to 1900"
- ↑ E. Annamalai und Sanford B. Steever: Modern Tamil. In: Sanford B. Steever (Hrsg.): The Dravidian Languages, London / New York 1998, hier S. 100.
- ↑ Definitive Editions of Ancient Tamil Works
- ↑ Abraham, S.A. (2003), "Chera, Chola, Pandya: Using Archaeological Evidence to Identify the Tamil Kingdoms of Early Historic South India" (PDF), Asian Perspectives, 42 (2): 207, doi:10.1353/asi.2003.0031, hdl:10125/17189
- ↑ Maloney, C. (1970), "The Beginnings of Civilization in South India", The Journal of Asian Studies, 29 (3): 603–616, doi:10.2307/2943246, JSTOR 2943246 at p. 610
- ↑ Subramaniam, T.S. (29 August 2011), "Palani excavation triggers fresh debate", The Hindu, Chennai, India
- ↑ Definitive Editions of Ancient Tamil Works. Classical Tamil, Government of India
- ↑ Abraham, S. A. (2003), Chera, Chola, Pandya: Using Archaeological Evidence to Identify the Tamil Kingdoms of Early Historic South India (PDF), 42, Asian Perspectives, p. 207, doi:10.1353/asi.2003.0031
- ↑ Stein, B. (1977), "Circulation and the Historical Geography of Tamil Country", The Journal of Asian Studies, vol. 37, pp. 7–26, doi:10.2307/2053325, JSTOR 2053325
- ↑ (Lehmann 1998, С. 75–76)
- ↑ Rajam, V. S. (1985), The Duration of an Action-Real or Aspectual? The Evolution of the Present Tense in Tamil, 105, Journal of the American Oriental Society, pp. 277–291, doi:10.2307/601707, JSTOR 601707 at pp. 284–285
- ↑ Karthik Madhavan, Tamil saw its first book in 1578, The Hindu
- ↑ (Ramaswamy 1997)