Таракандар

Википедия дан
Таракан (Blatta orientalis).
Кээ бир таракандардын ургаачылары оотеканы ич жагында көтөрүшөт
Эң чоң таракандар кээде банан менен кошо орто климаттуу өлкөлөргө киригизилет.

Таракандар (лат. Blattodea) — курт-кумурскалар түркүмү.

Таракандар тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көбүнчө түнкүсүн активдүү; негизинен органикалык калдыктар, тамак-аш азыктары, организмден бөлүнгөн заттар (какырык, заң жана башкалар) менен тамактанат. Алар жугуштуу ооруларды (ич келте, дизентерия, Кургак учук жана башкалар) таратышы мүмкүн.

Денеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таракандардын денеси сүйрү, башында чоң көзү, муунактуу кыл сымал сезгич узун муруту жана кемирүүчү оозу бар. Канаты тынч абалда денесин жаап турат. Буттары жүгүргөнгө ылайыкталган. Жумурткасын ургаачысы капсулада личинка пайда болгончо алып жүрөт. Сары таракандардын личинкалары 6 айда, кара таракандардыкы бир жылда өөрчүйт. Айрымдары Орто Азияда кезигет. Кара жана сары таракандар турак жайда жашап тамак-ашты, кийим-кечекти, китепти жеп зыян келтирет.

Жок кылуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таракандарды алдын алып жок кылуу максатында дуст жана башкалар инсектицидди алардын чогулган жерине себүү, тамак-ашты сактоонун санитария-гигиеналык эрежелерин туура сактоо, калган тамактын калдыктарын ачык калтырбай төгүп жок кылуу керек. Мындан сырткары ууланган нан жана башкалар азыкты колдонсо болот. Ал үчүн 5%түү бор кислотасынын же 2%түү хлорофостун суудагы эритмесине нанды же коюу боткону аралаштырып чылап таракандар бар жерге коюлат. Ошондой эле тальк менен фтордуу натрийдин аралашмасын пайдаланса болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8