Тарыхый этнологиядагы америкалык мектеп

Википедия дан

Тарыхый этнологиядагы америкалык мектеп (Ф.Боастын мектеби) - 19-к. акыркы он жылдыгында Франц Боас негиздеген илимий мектеп.

Ф.Боас этнологиядагы бардык мектептерди (эволюционизм, диффузионизм, функционализм) жетишерлик универсалдуу эмес деп четке каккан. Ал этнографиялык материалдарды кайрадан жыйнап, бара-бара жаңы усулдарды, жаңы теорияларды иштеп чыгып, соңку корутундуларды жасоого чакырган. Ф.Боастын окуучулары жана ишин улантуучулары: К.Уайт, А.Кребер, А. Гольденвейзер, Р.Лоун, П.Радин, Л. Уайт. Алардын көрүнүктүусү А. Кребер.

Мектептин негизги жоболору: - этнология ар бир элди ар тараптан: тилин, маданиятын, антропологиялык тибин изилдөөгө тийиш; - түрдүү элдердин маданияттарынын өз ара карым-катнашы белгилүү бир географиялык аймактагы маданий жалпылыкты түзөт; элдердин өз ара алакаларынын конкреттүү формаларын, айрым маданий элементтеринин диффузиясын ошол аймактын гана чегинен издөө керек; - адамзаттын жана анын маданиятынын өнүгүшү жалпы мыйзамдардын негизинде өнүгөт; ал мыйзамдарды таанып-билүү татаалга турары талашсыз; өнүгүүнүн жалпы мыйзамдарын таанып билүүдө кубулуштардын сырткы окшоштугуна карата жаңылбоо зарыл, себеби алар маңызы жана түпкү теги жагынан ар түрдүү болуп калышы мүмкүн; - бир элдин моралдык баалоо критерийлерин башка маданияттагы элдерди баалоодо колдонуу жарабайт; ар бир элдин езүнө тиешелүү социалдык идеалдары, моралдык нормалары тарыхтын жүрүшүндө калыптанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.