Ташыбеков, Турузбек Анарбек уулу

Википедия дан

Ташыбеков Турузбек Анарбек уулу (1956-ж. т., Бакай-Ата району, Маданият айылы) — инженер, мамлекеттик ишмер, саясат философиясынын доктору (1993).
1978-ж. Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. 1978—80-ж. ошол эле институттун Токтогул ГЭСинин алдындагы жалпы техникалык факультетинин «Материалдардын каршылыгын иликтөө» кафедрасында ассистент, 1980—87-ж. комсомолдун Талас облустук комитетинде инструктор, жумушчу жана айыл жаштары бөлүмүнүн башчысы, 2-катчы.
1987-88-ж. партиянын Талас обкомунун уюштуруу бөлүмунүн инструктору, 1988—90-ж. Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунда уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, жооптуу уюштуруучу.
1990—93-ж. Россиянын Башкаруу илимдер академиясында аспирант. «Элдик элчилик алакалары жана эгемендүү Кыргызстандын тышкы саясатынын телчиге башташы» деген темада диссертациясын ошол эле академияда коргогон.
1993—94-ж. Урал тышкы соода банкынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Гуманитардык жардамды пайдалануу боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси, мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары.
Анын эмгектери эл аралык мамилелерди өркүндөтүү, Кыргызстандын тышкы саясаты сыяктуу маселелерге арналган. «Народная дипломатия, новое мышление и современный мир» (М., РАУ, 1992), «Мы изменяем мир, мир изменяет нас» («Азия», 1993, № 5) деген эмгектердин автору. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.