Тейлор Свифт

Википедия дан
Тейлор Свифт
Taylor Swift
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Тейлор Элисон

Толук ысымы

Тейлор Элисон Свифт
Taylor Alison Swift

Туулган датасы

13 -декабрь 1989(1989-12-13) (34 жаш)

Туулган жери

Рединг, Беркс, Пенсильвания, АКШ

Өлкө

АКШ желеги АКШ

Кесиптери

ырчы, автор-аткаруучу

Аспаптары

акустикалык гитара, электрогитара, банжо, укулеле, пианино

Жанрлары

Кантри, кантри-поп, поп, поп-рок, синти-поп

Активдүү жылдары

2004 — азыркы учурда

Жамааты

Big Machine Records

Сыйлыктары

Дик Кларк сыйлыгы
MTV Video Music Award

Автографы

[[Файл:|80px}}]]

taylorswift.com

Те́йлор Э́лисон Свифт (англ. Taylor Alison Swift; 13-декабрь, 1989, Рединг, Пенсильвания, АКШ) — америкалык кантри-поп-аткаруучу, ырлардын автору жана актриса.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Свифттин иниси Остин Нотр-Дам университетин бүтүрүп, колледждин ар кандай спектакльдерде ойнойт. 2014-жылы декабрь айында Свифттин апасына рак диагнозун белгилешкен.

Кыймылсыз мүлкү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Свифт ата-энесине Теннесси штатына караштуу Белле Миде шаарынан төрт бөлмөлүү хансарай сатып берген. Свифттин өзүнүн резиденциясы Нью-Йорк шаарынын Трайбека районундагы пентхаусда жайгашкан. Ошондой эле Тейлордун Беверли-Хиллзде үч бөлмөлүү коттеджи, Нашвилл шаарында пентхаусу бар. Анан дагы Уотч Хиллдеги (Род-Айленд) сегиз бөлмөлүү үйдүн ээси.

Мамилелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылы июль айынан октябрь айына чейин Jonas Brothers тобунун мүчөсү Джо Джонас менен жүргөн.

2009-жылы октябрьдан декабрьга чейин «Күүгүм» тасмасы аркылуу таанымал актер Тэйлор Лотнер менен ысык мамиледе болгон. Экөө биргеликте “Ыйык Валентин күнү” тасмасына чогуу тартылган. Кийин экөө эки жолго түшкөндө Свифт Тэйлорго Back to December деген ырын арнаган.

2010-жылы Жейк Жилленхол менен болгон романы ачыкка чыккан.

2012-жылы июльдан сентярбьга чейин ырчы айым Коннор Кеннеди менен мамиледе турган.

2012-жылдын октябрь айынан 2013-жылдын январь айына чейин One Direction тобунун мүчөсү Гарри Стайлздин сүйлөшкөн кызы болгон.

2015-жылдан тарта Тейлор диджей Келвин Харрис менен сүйлөшүп баштаган. Алардын романы жөнүндө сөздөр март айында айтыла баштаган. Ошол маалда экөө эл алдына улам-улам бирге чыгып жана бир концертке бирге барып келген. Май айында түгөйлөр үйлөнүү тууралуу ойлонуп жатат деген сөз тараган, бирок Тейлор менен Келвин расмий далилдеген эмес. Июльда экөөнүн никелешүүсү жөнүндө маалымат жайылган. 2015-жылы Тейлор менен Келвин жылдын эң көп акы алган жуп деп табылган. 2016-жылдын май айында алар ажырашкан.

2016-жылдын май айында «Met Gala» костюм институтунун балында британиялык актёр Том Хиддлстон менен таанышкан. Июньда түгөйлөрдүн Род-Айленддеги эс алуусунан алгачкы биргелешип түшкөн сүрөттөрү жарыкка чыккан. Сентябрьда Тейлор менен Том ажырашканы белгилүү болгон.

Азыркы учурда Тейлор британиялык актёр Джо Элвин менен мамиледе турат.

Тейлор — режиссёр Кайл Ньюман менен актриса Джейми Кингдин кенже уулун чокундуруп ат койгон энеси.

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]