Темуртунор

Википедия дан

ТемуртунорЫсык-Көлдү моңголдор илгери өз тилинде ушундай атаган (төмөр – темир, нуур – көл), калмакча (төмр – темир, нур – көл).

Негизинен 17–19-к-дардагы адабияттарда көбүнчө Тэмуэртуно-эр түрүндө кезигет. Атынын («темирдүү көл») келип чыгышы көл жээгинен магниттүү темирдин майда кум түрүндө жолугушуна байланыштуу. Ал тоо суулары агызып келген шилендилерде кезигет. Көл суусу чайкап жээкке чыгарган темир кристаллдарын илгери кыргыздар чогултуп, эритип алып, бычак, мык ж. б. буюмдарды жасашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2