Терс тоосу

Википедия дан

Терс тоосу Батыш Теңир-Тоодо. Терс жана Чаткал сууларынын аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 13–15 км. Орточо бийиктиги 3000–3300 м, эң бийик жери 3890 м. Кыры аска-зоокалуу; Чаткал өрөөнүнө караган түндүк капталы жантайыңкы, Терс суусу жагы тик, аскалуу, өрөөнү капчыгайлуу. Негизинен карбондун майда жана орточо кристаллдуу гранит, гранит-диорит жана гранитсиенит интрузия тектеринен турат. Талаа жана шалбаалуу талаа (2300 т бийиктикке чейин), шалбаа-токойлуу бадал (2300–2800 м), бийик чөптүү шалбаа (2800–3000 м), субальп жана альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]