Тиги дүйнө

Википедия дан

Тиги дүйнөдиний -мифологиялык түшүнүктө Т. д. ишеними өзгөчө айырмаланып турат. Элдик ишеним боюнча адам өлгөндөн кийинки экинчи дүйнө, өзүнүн түбөлүк жайы. Ошол жерде өмүрү уланып, кадимкидей жашай берет имиш. Ошондуктан, эл жашап жаткан дүйнөсүн "жалган дүйнө", ал эми өлгөндөн кийинки дүйнөнү "чын дүйнө", же болбосо Т. д. деп бөлгөн. Т. д. түшүнүгү кыргыздардын арасына ислам дини таркаганга чейин эле бар экендигин көптөгөн археологиялык , этнографиялык даректер далилдейт. Адам өлгөндө аны менен жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-аштарды кошо көмчү, ал эми адам бай, мартабалуу болсо кулдарын, күңдөрүн, аялдарын кошо өлтүрүп койгон. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин Т. д. түшүнүгү да татаалдаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4