Мазмунга өтүү

Тихо Браге

Википедия дан
Tyge Ottesen Brahe
Туулган жылы:

1546-жыл

Туулган жери:

замок Кнудструп, Дания

Каза болгон жылы:

1601-жыл

Илимий чөйрөсү:

астроном

Иштеген жери:

Ураниборг

Белгилүү окуучулары:

С. Марий

Браге Тихо (1546-1601), даниялык улуу астроном, практикалык астрономиянын реформатору, илимдин атактуу уюштуруучусу, астрономиялык аспаптардын конструктору. 1545-жылы 14-декабрда Данияда кадырлуу үй бүлөдө төрөлгөн. Тихо латын тилин эрте үйрөнүп, 13 жашында Копенгаген университетине кирет. 1560- жылдагы Күндүн тутулуусун көргөндөн баштап астрономияга кызыгуусу ойгонот. Астрономиялык китептерди жана жылдыз глобусун сатып алып, өз алдынча үйрөнө баштайт.

Он алты жашында Тихону юрист болууну каалаган ата-энеси тарбиячысы менен бирге Германияга окууга жиберет. Ал жерде ата энесинин каалосунан баш тартып, өзүнүн сүйүктүү илими болгон астрономияны үйрөнө баштайт. Германиядагы окуусунун экинчи жылында сейрек болуучу астрономиялык кубулуш Юпитер менен Сатурундун биригүүсүн кадимки эле циркуль менен арсындагы бурчту ченеп, датаны күндөлүгүнө жазып коёт. Бул ченөө менен ошол кездеги планеталардын кыймылы аныкталган "Альфонс жадыбалындагы" бир айлык катаны жана "Прус жадыбалындагы" бир нече күндүк катааны тапкан. Бул Тихонун алгачкы ачылышы болгон. Кийинки жылы Аусбергдеги астрономдор менен таанышып, астрономиялык аспаптарды жана асман глобусун жасоого заказ берет. Бул инструменттер өтө чоӊдугунан колдонууга ыӊгайсыз болгон, кийин шамал учуруп кеткенден баштап аспаптарын металлдан жасаткан.

1571-жылы атасы катуу ооруп, Данияга кайтып келет. Атасы каза болгондо, Кундустроптогу атасынын фермасын мурастап, чарбачылык менен иштеп калат. Жакын жердеги алхимия менен аракеттенген тууганы С.Билл менен биргелешип алхмиялык тажрыйбаларды жүргүзөт. Бул тажрыйбалардын негизинде айнек чыгаруучу ишкана ачышат. Капысынан байкалган астрономиялык кубулуш Тихону астрономияга кайра алып келет. 1572-жылдын 11-ноябрында кечинде химиялык лабораториясынан кайтып келатканда адаттагыдай эле Кассиопея жылдызын карап, мурдагыдан жаркыраган жылдызды көрүп калат. Бул жаӊы жылдыз кийин күндүзү да көрүнүп бүт дүйнөнү таӊ калтырган.

Кассиопея (Көөкөр) топ жылдызындагы Тихо Брагенин "жаӊы жылдызы" азыркы термин боюнча өтө жаӊы жылдыз деп аталып, жылдыздардын катастрофалык жарылуусунан пайда болот. Мындай кубулуш акыркы миӊ жылдыкта үч жолу байкалган. Биринчи өтө жаӊы жылдыз жөнүндө 1054-жылы кытай жана япон астрономдору байкаган маалыматтары ишенимдүү документтерде сакталган. Телец (Букачар) топ жылдызындагы Краб сымал тумандуулуктун пайда болуусуна байкоо жүргүзүлүп, жыл намада (летописте) ишенимдуу катталган. Азыр Краб сымал тумандуулугунун арасынан 12-жылдыздык чоӊдуктагы нейтрондук жылдыз болуп күчтүү телескоптор менен гана көрүнөт. Азыркы кезде Краб сымал тумандуулук, Биздин Галактикадагы рентгендик жана башка электромагниттик толкундардын эӊ күчтүү булагы. Экинчиси, Тихо Браге 1572-1574-жылдарда үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын толугу менен баяндап жазган. Алгач Чолпон менен Юпитер сыяктуу көрүнүп, бара-бара Марска окшошуп, кийин Сатурн сыяктанып, акырында көрүнбөй калган. 1573-жылы жарыкка чыкан "Жаӊы жылдыз" деген китебинде бул феномендин табиятын түшүндүрүүгө аракеттенген, Саманчы Жолундагы жыбыраган жылдыздардын конденсациясынан (чогулуусунан) пайда болгон деп түшүндүргөн.

1575-жылы жаӊы императордун такка отургузуу салтанатына катышып, обсерватория курууга каражат бөлүү сунушу менен билимдүү чөйрөгө кайрылат. Король Фридрих өлкөнүн жана өзүнүн атагын чыгаруу максатын көздөп, Копенгагенден 20 км Вен аралына обсерватория курууга каражат бөлөт. Тихо Брагенин уюштургуч жана инженердик таланты ойгонуп, шашылыш курулушка киришет. Курулушту асман кудайынын атынан "Ураниборг" (Асман сепили) деп атайт. Обсерватория үч кабаттуу квадрат формасында болуп, башкы куполунда канаттуу ат Пегастын формасында флюгер коюлган. Түштүк жана түндүк жагында конус формасында айланма чатырда аспаптар коюлган. Подвалында лабораториялар жана складдар жайгашат, биринчи кабатта Брагенин үй-бүлөсүнүн бөлмөлөрү жана конок үйү жайгашкан. Экинчи кабатта король визит менен келгенде жайгашууга арналган бөлмөлөр болуп, коридор менен байкоо жүргүзүүчү аянтчага чыккан. Конок үйүндө радиусу 2 м болгон 90 градустук жаа түрүндөгү квадрант орноткон. Сепилде асман глобусу орнотулуп, аныкталган координаталары боюнча жылдыздар так көрсөтүлгөн. Кийин обсерваторияга суу дөӊгөлөгү менен иштеген ун тегирмен, кагаз жасоочу жана токардык станок курган.

1576-жылы өзү курган «Ураниборг» обсерваториясында 20 жылдан ашык байкоо жүргүзүп, жылдыздардын координаталарын жогорку тактыкта аныктаган. Тихо Брагенин ченөөлөрүндөгү ката ±0,5' түзүп, Птолемейден 20 эсе так болуп, Улугбекке жакындаган. Айдын кыймылындагы эки барабарсыздыкты (өзгөрүүнү) ачкан жана Айдын кыймылынын алгачкы теориясын түзгөн. Кометалар - Айга Караганда алыскы асман телосу экендигин аныктаган. 788 жылдыздын каталогун, рефракция кубулушунун эске алуу таблицаларын түзгөн. Марстын кыймылына жүргүзгөн көп жылдык байкоолордун маалыматтарынын негизинде кийин Иоганн Кеплер планеталардын кыймылынын үч законун ачкан.

1597-ж. Даниянын королдук тагын ээлеген Христиан VI астрономияга жумшалган каражат талаага кетип жатат деп эсептеп, Брагенинин обсерваториясын каржылабай коёт. 29-апрелде үй-бүлөөсү жана аспаптарын алып Гамбурга көчүп кетет. Брагенин обсерваториядан чогулткан баа жеткис байлыгы байкоонун жыйынтыктары жазылган журналынын негизинде Гамбургда "Астрономияда жаӊырган механика" аттуу атактуу эмгеги басылып чыгат.

Рудольф II такка отургузуу салтанатында Ф. Хейк менен таанышып, анын сунушу менен императордук астроном болуп кабыл алынат. Прага ал кезде Ыйык Рим империясынын борбору болгон. 1600-ж. 27 жаштагы Кеплерге жолугуп, аны жардамчысы кылып ишке алат. Бат эле Кеплердин чыдамсыздыгынан жана эмоцияналдуулугунан улам, Браге менен чырлашып калат. Карыган астрономдун адилетсиздигине шылтоолоп, Кеплер обсерваториядан кетип калат. Тихо Браге акылмандуулугу улуу башын кичүү кылып, Кеплер менен жарашып, кайра алып келет. Эки улуу астрономдун кызматташуусу узакка созулган жок. 1601-ж. 24-октябрда Тихо Браге дүйнөдөн кайтат. Тихо Брагенин керези боюнча Кеплер императордун математиги жана астроному болуу менен аны байкоолорунун жыйынтыгынан планеталардын кыймыл законун ачат. Тихо Брагенин өмүр бою жыйнаган маалыматтарын негизинде, Кеплер планеталардын кыймыл законун ачып, бүткүл дүйнөлүк тартылуу теориясынын пайдубалын түзөт.

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.