Токмок, чеп

Википедия дан

Токмок чеби – Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү чыңдоосу. Токмок чеби 19-кылымдын 30-жылдарынын башында курулган. Чеп төрт бурчтуу болуп, түштүктөн түндүккө карай узундугу 75 саржан, батыштан чыгышка туурасы 30 саржан, бийиктиги 3,5 аршин болгон. Токмок чебиндеги сарбаздар (70 киши) Чүй суусунун төрүндөгү кыргыздар менен казактарды көзөмөлгө алышчу. Чепте 200 түтүн өзбек соодагерлери, кол өнөрчүлөрү турган. 1860-ж. август айында Циммермандын кол башчылыгы астындагы орус аскери Чүй өрөөнүнө жортуул уюштуруп, токмок чебин ээлеген. Аймакты Россия империясы каратып алгандан кийин, 1867-ж. Чүй өрөөнүндө Токмок уезди уюшулуп, 1878-ж. чейин Токмок чеби аталган уезддин борбору болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.