Токтобек Сатаров

Википедия дан

Сатаров Токтобек (1948-ж. т., Тоң району, Бөкөнбаев айлы) — артист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1988). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1997).
1972-ж. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр искусствосу институтун бүткөн.
1972-жылдан Ош кыргыз драма театрында актёр, 1991-жылдан режиссёр. 1992-жылдан башкы режиссёр. Азыркы учурда К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын актеру.
Сатаровдун чыгармачылыгы көп кырдуулугу, каармандардын мүнөздөрүнө ылайык ийкемдүүлүгү менен мүнөздөлөт.
Аткарган ролдору: Жухрай (Н. Островский, «Болот кантип курчуду»), Иосиф Татаевич (Ч. Айтматов, К. Мукамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Марша (М. Ауэзов, «Каракөз»), Эмрайн (Ч. Айтматов, «Деңизди бойлой жорткон көк дөбөт»), Клавдия, Тирредь (У. Шекспир, «Гамлет», «Ричард III»), ( Казыбай (М. Сейталиев, «Кайчы жолдор»), Дадый (Т. Абдумомунов, «Ашырбай») жана башка.
Режиссёр катары «Кычан» (Ш. Бейшеналиев), «Электра» (Л. Дюрко), «Күлгөндүн билгени бар» (Б. Жакиев), «Ак Мөөр» (Ж. Садыков), «Ыйык көл баяны» (III. Шаршеев) жана башка спектаклдерди койгон.
Сатаров М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.