Токтогонов, Султан

Википедия дан

Токтогонов Султан (1913-жылы т., Чүй облусу, Жайыл району, Сарыбулак айылы) — тарыхчы жана географ, тарых илиминин доктору (1968), профессор (1970).

1950-ж. Кыргыз мамлекет педагогикалык институтун (1945), КПСС БКнын Жогорку партиялык мектебин бүтүргөн.

Комсомолдун Гүлчө, Балыкчы районундук комиттеринде бөлүм башчы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргызстан эл агартуу министри, 1956–59-жылы Республиканын жогорку окуу жайларында (Бишкек, Каракол) иштеген.

1959–95-жылы Ош мамлекет педагогикалык институтунда кафедра башчысы жана профессор, 1995-жылдан «Дастан» технологиялык университетинде профессор.

Илимий эмгектери негизинен кыргыз элинин маданиятынын өнүгүшүнө арналган.

Токтоговдун 120дан ашуун илимий эмгеги бар. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.

2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]