Токтоналиев

Википедия дан

Токтоналиев, Эпкин — Чүй областынын Ысык-Ата районундагы кыштак.

Нурмамбет атындагы айыл аймагына караштуу. Бишкек - Ысык-Ата автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 995 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 69 км түштүк-чыгыш тарапта. Ивановка т. ж. бекетинен 34 км. Кыштактын батыш тарабынан Ысык-Ата суусу өтүп, андан Түштүк Чоң Чүй каналы башат алат. Кыштак 1929-ж. орношкон. Калкы 1679 (2009); негизинен кой багат. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Мамлекеттик жана коомдук ишмер А. Токтоналиевдин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4