Тоодактар

Википедия дан
Otis tarda.

Тоодактар (лат. Otididae) – куштардын түкүмү. Алардын 11 уруусу 24 түрү бар. Т. чоң жана орточо көлөмдөгү канаттуулардын анча чоң эмес тобу. Алардын денеси тыгыз (нык), моюну орточо узундукта жана бир топ жоон, башы салыштырмалуу чоң. Кургак жерде жашоочу канаттуу менен 3 кыска жана жазы бармагы бар, күчтүү, жоон, орточо узундукта буту басып жүрүүгө жана чуркоого ыңгайланган.

Эркеги ургаачысынан чоңураак жана кээ бир түрлөрүнүн эркеги ачык түскө боёлгон.

Т. ачык мейкиндиктери, талааны, чөл жана жарым чөлдү мекендейт. Анча чоң эмес уясын жерге салат. Ал чуңкур түрүндө болот, чөп менен төшөп коёт. Ири түрлөрү 2–3, майдалары 3–5 чаар жумуртка тууйт, аны 20–30 күн бою ургаачысы басат. Балапандары жөжө тибинде, башкача атйканда жумурткадан тыбыт менен капталып чыгып, тез эле уясын таштайт.

Жай мезгилинде курт-кумурскалар, кээде амфибиялар, сойлоочулар, чычкандарды ал турсун башка куштун балапаны менен азыктанат. Балапандары курт-кумурскалар менен өтө көп азыктанат.

Т. Түндүк, Батыш Африканын, Европанын түздүк жана тоолуу талаасында жана Азияда, Пиреней жарым аралынан Монголияга жана Приморьяга чейин таралган. КМШнын, Европа бөлүгүнүн борбордук тилкесинен түштүктү карай, Крымда, Кавказда, Орто Азияда, Казахстанда, Түштүк-Батыш Сибирде, Алтайда, Забайкаляда уялайт. Крымда, Закавказяда жана Орто Азияда кыштайт. Дың жерлерди өздөштүрүүдө жана аңчылык кылуунун натыйжасында саны азайып кеткен. Жаратылышты коргоо боюнча Эл аралык бирикменин Кызыл китебине (1 түр) жана 1985-ж. Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]