Тоо тектердин үбөлөнүшү

Википедия дан

Тоо тектердин үбөлөнүшү - жер бетиндеги тоо тектердин атмосфера, суу жана организмдердин таасиринен талкалануу жана өзгөрүү процесси.

Too тектердин жайгашуу чөйрөсүнө карай атмосферадагы жана суу астындагы үбөлөнүү болуп бөлүнөт. Үбөлөнүү процессинин жүрүшү боюнча физикалык, химиялык жана органикалык үбөлөнүү деп ажыратылат. Физикалык үбөлөнүү көбүнчө кургак жана ысык климат шартында өтүп, тоо тек аябай ысып, түңкүсүн муздагандыктан алардын үстүңкү бетинде жаракалар пайда болот. температура 0°С чамасында өзгөрүп турган аимактарда суу жаракаларга кирип, тоңгондо көлөмү кеңейип, тоо тектерди жарат. Химиялык үбөлөнүүдө тoo тектердин химиялык курамы өзгөрөт.

Жер бетиндеги шартка ылайык туруктуу жаңы минерал пайда болот. Үбөлөнүүнүн бул түрүнүн негизги факторлору - аба, айрыкча туздуу, кислоталуу жана жегичтүү суу. Too тек катмарына сиңген суу тоо текти жеке эле эритпестен, анда татаал химиялык өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Органикалык (биол.) үбөлөнүү организмдердин тоо тектерге тийгизген таасиринен аларды механикалык талкалоо же химиялык өзгөртүү түрүндө өтөт.

Тропик жана субтропик климат шартында, түзөң жерлерде үбөлөнгөн тоо тектер өз ордунда калып, барабара алгачкы тоо тек тулкусу толук ажыроого чепин жетет. Ал эми үбөлөндү шамал же суу менен кетсе, алгачкы тоо тектердин касиетине жараша түрдүү рельеф пайда болот. Үбөлөнүү процессинен ар түрдүү чөкмө тоо тектер жана кен байлыктар (каолин, жошо, отко чыдамдуу чопо, кум, темир, алюминий, марганец, никель, кобальт рудалары. алтын, платина ж. б. кен чачындылары) пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.