Тоо тектеринин механикасы

Википедия дан

Тоо тектеринин механикасы - тоо тек массивдеринин механикалык касиеттери жана тоо-кен жумуштарын жүргүзүүдөгү механикалык процесстер жөнүндөгү илим

Башкы максаты - тоо-кен басымын башкаруу. Негизги милдети: тоо-кен жумуштары жүргүзүлгөн тек массивдеринин бекемдик жана деформациялык касиеттерин изилдөө, ошондой эле тоо-кен иштетүү чөйрөлөрүндөгү чыңалуу-дсформациялык талаалардын пайда болуу жана өнүгүү мыйзам ченемпн аныктоо. тоо тектеринин механикасы деформациялануучу чөйрөнүн (туташ жана дпскреттүү) механикасы, геол. жана инженердик геол., геофиз. ж. б. Жер жөнүндөгү илимдер менен, ал эми тех. плпмдерден тоо-кен илими, курулуш механикасы менен байланыштуу.

Тоо тектеринин механикасы тектердин массивине болгон табигып гана факторлорду карабастан, өндүрүштүк факторлорду да камтыйт. Анда анализдик, лабораториялык жана натуралык методдор колдонулат. тоо тектеринин механикасы тоо-кен башкаруупу, тоо-кен казмаларынын бекиткичтери менен массивдин бири бирине тийгизген таасирин, жер үстүндөгү жана жер астындагы тоо-кен казмаларынын бекемдигин, тоо-кен жумуштарынын таасирп астында тек катмарынын жана жер бетппин жылыштарын, тоокен соккусу жана көмүр менен газдын кескин урап кетүүлөрү менен күрөшүү маселелерин ж. б-ны изилдейт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.