Тоо фунасы
Тоо фунасы - Жер шаарынын тоолуу аймактарында жашаган жаныбарлар.
Тоо жаныбарларынын таралышын жана ареалынын калыптанышын муз доорунун климат өзгөрүшү, кишинин түз жерлерди өздөштүрүшү шарттаган. Тоо жаныбарларынын жүрөгү канында эритроцит жана гемоглобин көп. тоонун абдан бийик жерлерин кээ бир тоо канаттуулары - жырткыч куштар (жору, кондор), тоок сымалдар (улар ж. б.) жана таранчы сымалдар (тоо таркылдагы, көк шалкы ж. б.) мекедейт.
Кавказ, Алтай, Памир, Тянь-Шань жана Саян тоолорунун езунө мүпөздүү фаунасы бар. Мисалы, Алтай менен Тянь-Шанга тоо эчки, илбирс, күрөң аюу, марал, элик, кекилик, мензбир сууру, торгой ж. б. жаныбарлар мүнөздүү. тоо фунасында сойлоочулар менен жерде-сууда жашоочулар аз. Too сууларында форель, алабуга, сазан жана тоо жаяны жашайт. Кээ бир тоо жаныбарларына этин, терисин жана майын алуу үчүн аңчылык кылынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.