Топурак микрофлорасы

Википедия дан

Топурак микрофлорасы. Топуракта микроорганизмдер үчүн эң керектүү орг. жана минералдык заттар, канааттандыраарлык нымдуулук, тике тийген күн нурунун таасиринен сактоочу шарттар бар. Микробдор топурак катмарынын 10-20 см терендигинде көп санда кездешет. Улам тереңдеген сайын алардын саны азайат, ал эми 5-6 м терендикте дээрлик жокко эсе. Бирок андан дагы тереңдикте микробдор жок деп айтууга болбойт. Т. мененын саны жана сапаты, топурактын составына, нымдуулугуна, чөйрөнүн реакциясына, жыл мезгилине, метеорол. жана климаттык шарттарга, агрохимиялык факторлорго көз каранды. Нымдуу жана таштуу топурактарда, иштетилген, өзгөчө семиртилген топуракка караганда аз кездешет. Орг. азыкзаты жогору топуракта микроорганизмдердин көп түрлөрү кездешет. Микробдордун саны 1 г топуракта бир нече миң же бир нече миллион, миллиарддарга чейин жетет. Топурактын мүнөздүү микроорганизмдерине төмөнкү споралуу аэробдор: Bacillus mycoides, Bac. subtilis, Bac. megatherium, Bac. mesentericus, Bac. cereus жана башка, споралуу анаэробдор - Clostridium sporogenes, Clos putrificus, Clos perfingens жана башка, термофильдик бактериялар, пигменттуу, кокк-р-формадагы (Micrococcus albus, roseus, blavus). Топуракта нитрификация, денитрификация, азоттоптоочу бактериялар, күкүрт бактериялары, клетчаткаларды ажыратуучу бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козукарындар, микроскопиялык балырлар кездешет. Орг. жана минералдык заттардын айлануусунда топурак микроорганизмдери негизги ролду ойнойт. Жыл сайын топуракка келип түшкөн орг. заттардын (өсүмдүктөрдүн калдыктары, жаныбарлардын өлүктөрү) бардыгы топурак микроорганизмдеринин жардамы менен (өсүмдүктөрдүн азыктануусу учун жарай турган жөнөкөй кошулмаларга чейин ажыратылат. Топурактын структурасынын жана топурак гумусунун пайда болушунда микроорганизмдердин кызматы өзгөчө чоң. Ошондой эле топуракта патогендик микроорганизмдер да кездешиши мүмкүн, бирок, алар учун топурак жагымсыз шарттарды түзөт, ошон үчүн же алар өлүмгө учурайт же ооруу жугузуучу күчү кайтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]