Торум кыз

Википедия дан

Торум кыз "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Манасты "Кереге, уук сырдалуу, Чийи жибек чырмалуу, Аземдүү боо тактырган, Акманат менен жаптырган" (Сагымбай Орозбаков, 3. 117) Т. к-дын ак сарайына киргизгени айтылат. Алмамбет келгенде Манас той берип ат чаптырганда Т. к-дын Наркызыл күлүгү он төртүнчү келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 341). Айрым варианттарда Т. кереметтүү кыз болуп сүрөттөлөт. Манаска колукту издеп жүргөн Жакыпка ээн талаадан жолугуп сыйкыры менен коноктоп, ага Каныкейдин дайынын айтып узатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4