Тото Кутуньо

Википедия дан
Тото Кутуньо
Toto Cutugno

Тото Кутуньо (1980)
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Salvatore Cutugno

Туулган датасы

7 -июль 1943(1943-07-07) (80 жаш)

Туулган жери

Фоздиново, Масса-Каррара провинциясы, Тоскана аймагы.

Өлкө

 Италия

Кесиптери

композитор, ырчы, аткаруучу

Аспаптары

вокал, гитара, саксофон

Жанрлары

Поп-музыка

Жамааты

«Albatros»

Кызматташтык

Адриано Челентано, Жо Дассен, Клод Франсуа, Далида, Мирей Матьё, Мишель Сарду, Ricchi e Poveri, Луис Мигель, Патрицио Буанне, Жилла, Кари Тапио

Сыйлыктары

«Еврокөрүнүү» (1990)

www.totocutugno.it

Сальваторе (Тото) Кутуньо (итал. Salvatore "Toto" Cutugno; төр. 7-июль 1943-жыл, Фоздиново, Масса-Каррара, Тоскана, Италия) — Италиялык ырчы жана композитор. Ал Адриано Челентано, Жо Дассен, Далида, Ricchi e Poveri сыяктуу аткаруучулар менен кызматташып, атактуулукка өзүнүн "L’italiano" аттуу ыры менен жеткен. Загребде өткөн «Еврокөрүнүү 1990» сынагынын жеңүүчүсү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тото Кутуньо Италиядагы Тоскана аймагындагы Масса-Каррара облусунда жайгашкан Фоздиново шаарында туулган.Атасы деңиз аскери болуп, трубаны тартып ойногон. Анын артынан Тото Кутуньо да бул аспапты өздөштүрүп, өз алдынча урма аспаптарда жана аккордеондо ойногонду үйрөнгөн. 13 жашында аймактык музыкалык сынакта 3-орунга ээ болгон. 19 жашына чейин Кутуньо жергиликтүү музыкалык топтордо урма аспапатарда ойногон. Андан соң G-Unit ансамбли менен Финляндияга 6 айлык турнеге чыккан. Ал жактан келип өзүнүн "Toto e Tati" тобун негиздеген. Топ менен биргеликте Италияда гастролдорго чыгып, ыр жаза баштаган. 1980-жылы жеке ырчылык менен алектенип, 1983-жылы Сан-Ремодогу сынакта "L’italiano" ыры менен катышкан. Анда 5-орунду алса да, көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча 1-орунду алган. Бул ыры азыркыга чейин популярдуулугун жоготпой келет.

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1976 — Volo AZ 504
  • 1979 — Voglio l`anima
  • 1980 — Innamorata, innamorato, innamorati
  • 1980 Solo noi
  • 1981 — La mia musica
  • 1983 — L`italiano
  • 1985 — Per amore o per gioco
  • 1986 — Azzurra malinconia — Italia
  • 1987 — Mediterraneo
  • 1990 — Insieme 1992
  • 1991 — Non e` facile essere uomini
  • 1995 — Voglio andare a vivere in campagna
  • 1997 — Canzoni nascoste
  • 2002 — Il treno va
  • 2005 — Cantando
  • 2005 — Come noi nessuno al mondo
  • 2008 — Un falco chiuso in gabbia
  • 2010 — I miei Sanremo

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]