Мазмунга өтүү

Тромбофлебит

Википедия дан
Тромбофлебит

Тромбофлебит — уюган кан (тромб) менен веналардын бүтөлүп калышы жана анын сезгениши.

Буттун тромбофлебити

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буттун тромбофлебити көп кезигет. Бул оору орто жана улгайган аялдардын арасында көп учурайт. Тромбофлебит жугуштуу оорулардын (келте) кабылдоосунан же жарааттан инфекция кан, лимфа менен венага келгенде жана төрөттүн кабылдоосу катары өөрчүүсү мүмкүн. Вена капталынын тукум куума кемтиги, семирүү, суукка урунуу жана башкалар бул ооруга түрткү берүүчү фактор болуп эсептелет. Тромбофлебиттин пайда болушунда кандын тез уюшу жана жай жүрүшү чоң мааниге ээ. Тромбофлебит өтө оор кабылдоого алып келиши мүмкүн.

Беттин тромбофлебити

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беттин тромбофлебити өтө коркунучтуу, себеби сезгенүү процесси мээ венасына өтүп кетиши ыктымал-. Ошондой эле жамбаш венасынын тромбофлебити боорду жабыркатышы менен коркунучтуу. Тромбофлебит көбүнчө катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат. Сырткы веналардын тромбофлебити көп кезигет. Буттун терең веналарынын катуу кармаган тромбофлебити көбүнчө күтүлбөгөн жерден байкалат. Көбүнчө ошол кан тамыр жак катуу ооруп тегерегиндеги лимфа тамырлары, бут абдан шишийт.

Тромбофлебит менен жабыркаган бут венасы: солдо — баштапкы, оңдо — вена коңдойүн тромб бүтөп калган стадиясы; 1— вена клапандары; 2- сезгенген жана калыңданган вена капталы; 3- тромб.


Буттун териси кубарып жалтырап, чымырап, кээде көгөрүп чыгат. Бут муздайт, кан тамырлардын кагуусун табуу кыйындайт. Оорулуунун абалы начарлайт. Биринчи күнү оорулуунун эти ысыйт (39—40°). Кээде оорунун бүт белгилери жоголуп, өнөкөт түрүнө өтөт. Оору эки жумадан 2—3 айга созулат. Узакка чейин бут ооруйт жана шишиги тарабайт; айрыкча веналарды жабыркатып, сырткы веналардын варикоздук кеңейишине алып келет. Сырткы веналардын катуу кармаган тромбофлебити көбүнчө бутта пайда болот. Оору башталганда вена кан тамырлары өткөн жер катуу ооруйт, кызарат. Чурай лимфа бездери чоңоёт. Оорулуу бут шишип чыгат. Кээде сезгенген веналардын үстүндөгү тери көгөрөт. Сырткы жана терең веналардын өнөкөт тромбофлебити бир нече жылдарга чейин созулуп, кээде оору күчөп турат. Айрыкча көпкө туруп турганда, басканда шишиги күчөп, жатканда азайып же жок болуп калат.

Тромбофлебитти дарылоо оорулуунун абалына жараша ооруканада же поликлиникада комплекстүү жүргүзүлөт. Катуу кармаган тромбофлебитте бутту бир аз бийигирээк жөлөп жатуу керек. Өз алдынча дарыланууга болбойт, ал коркунучтуу кабылдоолорго алып келет. Бардык учурда врачка кайрылган оң. Массаж жасоого жана дары май сыйпоого тыюу салынат, себеби уюган кан бөлүнүп, микробдор менен бирге ички органдарга келиши мүмкүн. Терең веналардын катуу кармаган тромбофлебити менен ооругандар оорукананын хирургия бөлүмүнө жиберилет. Кээде, айрыкча тромбофлебит ириңдеп кеткенде хирургиялык операция жасалат. Терең веналардын өнөкөт тромбофлебитде атайын эластик байпак кийип же бинт менен таңып жүрүү, айыктыруучу гимнастика, физиотерапиялык дарылоо сунуш кылынат.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8