Тундра зонасы

Википедия дан
Тундра зоналары‎»‎ барагынан багытталды)
Тундра зоналары.
Тундра.

Тундра зонасы - арктика жана субарктика алкактарындагы табигый зона. Евразия менен Түндүк Американын түндүгүндө, Гренландияда жана Түндүк Муз океанынын айрым аралдарынын түштүгүндө, ошондой эле Антарктиданын кээ бир аралдарында кездешет.

Тундра зонасы Түндүк жарым шарда түндүгүнөн арктикалык чөл, түштүгүнөн токойлуу тундра зоналары менен чектешет. Евразия менен Түндүк Американын түндүк жээктеринде туурасы 300-400 кмте жеткен тилке турүндө созулуп жатат. Жайы кыска, салкын (июлдун орт. температурасы 5-10°С), кышы узак жана ызгаардуу (январдыкы -5... -40°С). Кар 7-9 ай жатат. Көп жылдык тоң кеңири таралган. Жылдык жаан-чачыны 200-500 мм, айрым жерлеринде 750 ммге чейин. Катуу шамалдар, кышында бороондор болуп турат. Тундра-глей топурагы басымдуу. Токой жок. Төшөлмө бадал, эңилчек, мамык чөп ж. б. өсөт. Дарыя, көл жана саздар көп. Жаныбарлары өтө аз: ак аюу, ак кекилик, коён ж. б. Жайында келгин куштар уялайт. Тундра - аңчылыкка ыңгайлуу жай жана бугулардын жайыты. Кээ бир аймактарында кендердин (Батыш Сибирде нефть жана газ) запасы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.