Турабай Жороев

Википедия дан
Жороев Турабай
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жороев Турабай
Туулган жылы: 1951-жылы 7-март
Туулган жери: Бабыл айылы, Лейлек району, Баткен облусу
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын


Акын Турабай Жороев Лейлек районунун Бабыл айылында 1951-жылы 7-мартта туулган. 1968-жылы Кулундудагы орто мектепти аяктап, 1969–1972-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунан, 1972–1979-жж. Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунан билим алган. Эмгек жолун Лейлек райондук «Алга» гезитинде иштөө менен баштап, 1974-жылы Ош телерадиосуна кабарчы болуп которулган. 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпорациясынын өз кабарчысы, «Ош–3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясында кызматкер болуп иштеп келген. 1966-жылы «Чыныгы достук» аттуу аңгемеси «Кыргызстан пионери» гезитине сандан-санга жарыяланган. Анын жыйырмадан ашык ырларына композитор-обончулар музыка жазышкан. 1994-жылы чыгармалары түрк-мусулман өлкөлөрүнүн акындарынын эл аралык сыйлыгына, 2002-жылы Ж.Мамытов атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болуп, чыгармалары орус, түрк, өзбек, тажик ж.б. тилдерге которулган. 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги» деген наам алган. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ыйман: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1988. – 54 б.
  • Аваз: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1991. – 32 б.
  • Дартикем жүрөк: Ырлар. – Б.: Алтын тамга, 1997. – 170 б.
  • Ыр маңдай – Ош, 2002, – 147 б.
  • Ак жарык – Ош, 2009. – 192 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]