Турак жай

Википедия дан
Боз үй

Турак жай (үй) — адам жашоочу жай жана анын жашоосундагы эң зарыл материалдык шарттардын бири.

Үй куруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй куруу адамдын курулуш ишмердигиндеги негизги жана алгачкы түрлөрүнөн болгон турак жай түрдөрү өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээлине, социалдык мамилелерге, үй-бүлө куруу формасы менен маданий турмуштук салттарга, географиялык чөйрөгө жараша калыптанган.[1]
Алгачкы-жамааттык түзүлүштө адамдар жөнөкөй турак жайларда (жер кепеде, чатырда, үңкүрдө жана башкалар) жашаган. Мал чарбачылыгы менен оокат кылган көчмөн элдер бодонун терисин керип жасаган чатырда жана боз үйдө, алачыкта жашаган (казак, кыргыз, түркмөн, монгол жана башка элдер). Эгерде маалымат берүү ар кызматынын менен пландоо макулдашуу үчүн өздөрүн жана зарыл болгон өзгөрүүлөрдү камтыйт кайра куруу боюнча долбоорду ишке, даярдоо зарыл.[2]

Пландаштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үйлөрдү курууда тамак ичүүчү, балдар бөлмөсү, уктоочу бөлмө, кабинет жана көмөкчү бөлмөлөр (ашкана, ванна бөлмөсү, далис, даараткана, буюм сактоочу жай) пландаштырылат. Турак жайды долбоорлоодо жана квартираларды пландаштырууда бөлмөлөрдү желдетүүгө, күндүн тийишине ыңгайлуу жана турак бөлмөлөрдүн ашкана, ванна, даараткана жана тепкич аянтчаларынан алысыраак болушу зарыл. Өздүк гигиенаны сактоого, тамак бышырууга ыңгайлуу болуп, бейпил эс алууну камсыз кылууга тийиш.

Гигиеналык талап[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турак жайга коюлуучу негизги гигиеналык талаптардын бири — бөлмөнү таза сактоо жана желдетип туруу. Үйдөгү аба дем алуудан чыккан көмүр кычкыл газы, ным, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө чачыраган шилекей тамчылары (оору пайда кылуучу микробу бар), кийим-кече менен келген чаң жана башкалар менен булганат. Ошондой эле тердин, туалеттин, кээде ным дубалдын жытынан үйдүн жыты бузулат. Турак жайдын ичинде жагымдуу аба чөйрөсүн түзүү үчүн аны желдетип, бузулган абаны таза аба менен алмаштырып туруу керек.

жарыктандыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турак жайды жарыктандыруу табигый, жасалма жана аралаш болуп бөлүнөт. Табигый жарык — күн нурунан алынган күндүзгү жарык. Үйдүн жарык болушу анын терезесинин чоң же кичине болушуна, айнектин тазалыгына, пардалардын жана дубалдын түсүнө жараша болот (к. Жарык). Турак жайдын микроклиматы (температурасы, нымдуулугу, аба кыймылы) адамдын организмине чоң таасир тийгизет, ошондуктан имаратта белгилүү жылуулукту түзүү зарыл. Организм үчүн аба температурасы чоң мааниге ээ. Микроклиматтык оңтойлуу шарт түзүү үчүн аба кыймылынын ылдамдыгы кышында 0,15 м/сек, ал эми жайында 0,2— 0,3 ж/секдан ашпоосу зарыл.
Турак жайдын нымдуулугунан жагымсыз микроклиматтык шарттар түзүлөт.

Нымдын таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Имаратты туура эмес пайдалануудан ным жыттанып, организмге терс таасир тийгизет. Көбүнчө өпкө, кургак учук ооруларын күчөтөт. Ным жерде микроорганизмдер өөрчүйт, тамак-аш бузулат. Ошондуктан имараттарды тез-тез желдетүү жана жакшы жылытуу зарыл. Турак жайда ыңгайлуу температуралык шарт түзүү үчүн жергиликтүү (меш менен) жана борбордук система боюнча жылытат. Адамдын организмине, айрыкча нерв системасына, угуу органдарына ызы-чуулар жагымсыз таасир тийгизет. Турак жайда ызы-чууну азайтуу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт.

Турак жайдын айрым бөлмөлөрү үчүн гигиеналык талаптар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оозгу бөлмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Озгу бөлмө

Оозгу бөлмөдө адамдар сырткы кийимин жана бут кийимин сактайт, ал ички бөлмөлөрдү ызы-чуудан, сууктан коргойт. Оозгу бөлмөнүн дубалын жыгачтан кооздоп каптаса болот, каалгасын дубалдын шыбына окшош сыр менен сырдоо ылайык. Эгер туш кагаз чаптаса анда ачык боз жана саргыч туш кагаз менен чаптоо сунуш кылынат. Оозгу бөлмөгө керектүү буюмдар (кийим илгич, бут кийим койгуч шкаф, күзгү) гана коюлат. Валдардын кийим илгичин алардын бою жеткидей бийиктикте орнотуу керек.

Конок бөлмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конок бөлмөсү

Конок бөлмөсү — квартирадагы эң чоң бөлмө. Ал көп функцияларды аткарат. Жумуштан кийин үй-бүлө чогулуп, эс алат, телевизор көрөт. Үй-бүлө анда конок күтөт. Ал бөлмө жайлуу жана ыңгайлуу болсун үчүн мебелди туура жайгаштыруу керек. Бөлмөдө эс алуу бурчун түзүү зарыл, ал терезеге жакын болуп, бөлмөдө өстүрүлүүчү гүлдөрдүн, өсүмдүктөрдүн жанында диван жана 2— 3 кресло, телевизор койгон ылайык. Көп убакта бул бөлмөдө иштөө үчүн жазуу столун коюуга туура келет, анда балдар сабак даярдаса болот. Ашкана бөлмөсү кичине болуп, тамак бышырганга эле орун болсо, анда тамак ичилүүчү столду конок бөлмөгө койсо болот.

Балдар бөлмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдар бөлмөсү

Балдарга көбүнчө күн тийген тараптан, жарык жана жылуу бөлмө ылайыкташтырылат. Балдар бөлмөсүндө температуралык режим сакталбаса жана нымдуу болсо, ал баланын ден соолугуна жагымсыз таасир тийгизет. Ошондуктан балдар бөлмөсүндө аба туруктуу температурада сакталып, бат-бат желдетилип туруусу зарыл. Ага атайын балдар мебелин гана коюп, ашык буюм болбоого тийиш. Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы кенже балдарга ойноо, эс алуу жана иштөө үчүн да орун калтыруу керек. Иштөө үчүн орун терезеге жакын, жарык жерге жайгаштырылат. Ал бөлмө жарык болушу үчүн терезенин айнектерин дайым жууп туруу талапка ылайык. Уктоо бөлмөсү. Уктоого ылайыкталган бөлмө тынч жерден орун алганы оң. Ал бөлмөгө күндүз иштөө үчүн терезеге жакын жерге стол коюп койсо да болот.

Ашкана[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ашкана бөлмөсү

Ашкана башка бөлмөлөрдөн бөлүнүп, анын аянты 8—9 м2 ден кем болбошу керек. Ага азык-түлүк жана идиш-аяк коюучу стол, шкаф, дубалга илме шкафтар, плита, муздаткыч жана башкалар орнотулат. Аны тез-тез желдетип турат. Мебелин түрдүү схема боюнча ыңгайлуу жайгаштыруу керек. Полуна линолеум төшөгөн оң. Дубалын ачык түстөгү сыр менен сырдоо керек.

Ванна, даараткана[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ванна дааратканасы менен

Үйдүн ванна, кол жуугуч менен даараткана бөлүгүн дайыма тазалыкта сактоо керек. Унитазды күнүгө атайын щётка менен тазалап, сууга түшкөн сайын ваннаны жууп туруу зарыл.

Башка өлкөлөрдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конок бөлмөсү же үй-бүлөлүк бөлмөсү жок үйлөрдө конок бөлмөсүн коноктор уктоочу бөлмө катары да колдонсо болот.[3] Климатка жараша конок бөлмөлөрүндө адаттагыдай эле бөлмөнү жылытуу үчүн камин болгон. Индияда ачык түстөрдү колдонуу салтка айланган, алар көбүнчө татымалдарынын түстөрүнө окшош - куркума, карри, зире, кардамон. Мындан тышкары, оймо-чиймелер көп колдонулат: пейсли үлгүсүнүн индиялык версиясы, татаал мандала мотивдери, табигый жасалгалар. Болжол менен биздин заманга чейинки IV кылымда көркөм формалардын тили терең өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Грек элементтери индиялык түзүүчү элементтер менен аралашкан.[4] Васицу деп аталган жапон конок бөлмөсүндө пол татами, адамдар ыңгайлуу отура турган секциялык килемчелер менен капталган. Алар ошондой эле, адатта, мейкиндикти абдан минималдуу кылып көрсөткөн шожи, фусума жана жээкчелерден турат.[5] Жапондук конок бөлмөсүнүн дизайн концепциялары Улуу Британия менен Жаңы Зеландиянын идеалдарына карама-каршы келген, башкача айтканда, жапон маданияты үйдүн негизги функциясын бөлмөнү эмес, адамды жылытуу катары көргөн. Бул ошондой эле жапондордун үйлөрүндө жылытуу эмес, тамак жасоо үчүн көчмө хибачи болгондугу, ал эми Улуу Британия менен Жаңы Зеландиядагылар тамак бышыруу үчүн эмес, жайды жылытуу үчүн каминдерди колдонгону менен да чагылдырылган. Жапон маданий ишеним системалары жасалгалоо минималдуу болушу керек, бирок табигый элементтерди колдонуу менен, алардын дизайн өзгөчөлүктөрүнө таасир эткен.[6]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Жоголгон батирлердин өзгөчөлүктөрү
  2. Жалпак кабылган - өтө кымбат. Текшерилген күнү 25 -сентябрь (аяк оона) 2019. Түп булактан архивделген күнү 25 -сентябрь (аяк оона) 2020.
  3. Star-spangled manners : in which Miss Manners defends American etiquette. archive.org. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  4. 10 простых, но потрясающих идей украшения гостиной. yavitrina.ru. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  5. What do living rooms look like in other countries?. hisandhersmag.co.uk. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  6. Japanese architecture. britannica.com. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2022.