Туюк кан жүгүрүү

Википедия дан

Туюк кан жүгүрүү - омурткалуу жаныбарлардын кан жүгүрүүшү туюк. Кан жүрөктүн сол карынчасынан чыгып оң дүлөйчөгө келет. Бакалоор менен дем алуучу жаныбарлардын (тегерек ооздуулар, кемирчектүү жана сөөктүү балыктар) Т. к. ж-нүн бир гана тегереги, өпкө менен дем алуучуларда, ошондой эле кош дем алуучу балыктарда кан айлануунун эки тегереги болот.

Кан жүгүрүнүн чоң тегереги - жүрөктүн сол карынчасынан башталып, бүткүл денеге тарап, андан кайра жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө келүүчү жолу.

Кан жүгүрүүнүн кичине тегереги - өпкө артериясы менен байланышту. Жүрөктөн (оң карынчасынан) өпкөгө карай веналык канды өпкө артериясы алып кетип андан кычкылданып кайра жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]