Тянь-Шандын түндүк тизмеги

Википедия дан

Тянь-Шандын түндүк тизмеги - Кетмен кырка тоосунан Талас Ала-Тоосуна чейин узатасынан жаткан ири антиклиналдык түзүлүш. Түндүгүнөн Иле, Чүй жана Талас өрөөңдөрүнүн түздүктөрү менен чектелет. Тянь-Шандын ортоңку тизмегинен Суусамыр, Кочкор, Ысык-Көл жана Текес өрөөндөрү менен ажырап турат. Түндүк тизмекке Кыргызстандын аймагына тийиштүү Күңгөй Ала-Тоо, Иле Ала-Тоосунун батышы, Кыргыз Ала-Тоосу, Талас Ала-Тоосу кирет. Күңгөй Ала-Тоо Каркыра суусунун өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин 285 км ге созулуп, Ысык-Көл өрөөнүн түндүгүнөн курчап турат. Эң бийик жери Чок-Тал чокусу (4771 м). Иле Ала-Тоосунан Челек менен Чоң-Кеминдин өрөөндөрү аркылуу бөлүнөт. Чоң-Ак-Суунун төрүнөн Иле Ала-Тоосуна тутумдашып, Талгар тоо тоомун түзөт. Иле Ала-Тоосунун Талгар тоо тоомунан батышка карай созулуп, Чоң-Кемин, Кичи-Кемин Өрөөндөрүн түндүгүнөн чектеген түштүк капталы гана Кыргызстандын аймагында. Батышында жапыздап барып, Чүй-Иле тоолоруна өтүп кетет.