Мазмунга өтүү

Түрк мамлекеттер уюмунун желеги

Википедия долбоорунан
Түрк Мамлекеттер Уюму

Түрк мамлекеттер уюмунун желеги, мурда Түрк Кеңешинин желеги 2012-жылдын 23-августунда Бишкекте өткөн 2-саммитте кабыл алынып, 2012-жылдын 12-октябрында расмий түрдө көтөрүлгөн.

Желек баштапкы төрт мүчөнүн символдорун айкалыштырат: Казакстандын желегинин — ачык көк түсү, Кыргызстандын желегинин — күнү, Азербайжандын желегинин — жылдызы жана түрк желегинин — жарым айы.