Түштүк Фергана мунай-газдуу аймагы

Википедия дан

Түштүк Фергана мунай-газдуу аймагыБаткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай р-ндагы мунай ж-а газ кени жайгашкан ири аймак.

Түштүгүнөн Түркстан ж-а Алай кырка тоолору, батышынан ж-а түндүгүнөн Тажик, Өзбек респ-лары, чыгышынан Исфайрамсай суусу м-н чектелет. Аймакта Түн. Риштан, Саркамыш, Сарөтөк сыяктуу мунай ж-а газ кендери бар. Мындагы кендер жөнүндөгү алгачкы геол. маалымат 1886-ж. Берилген. Райондун чегинде мезозой м-н кайнозойдун чөкмө тектери жатат. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштөрдү пайда кылган. Мунай м-н газ антиклиналдык түзүлүштөрдүн канаттарындагы мезозой заманынын ж-а неоген мезгилинин кумдук, акиташ тектеринде топтолгон. Пайдалуу кабаттардын калыңдыгы 215 мге жетет. Мунай метандуу класска кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2