Төмөнкү муундагы программалоо тили

Википедия дан

Төмөнкү муундагы программалоо тили — Реалдык жана виртуалдык процессорду колдонгон, (мисалы, Java, Microsoft .NET) машина коддоруна жакын тил. Машиналык командаларды белгилөө үчүн адатта мнемоникалык белгилөө колдонулат. Бул, командаларды экилик системада нөль жана бир удаалаштыгы катарында эмес, маанилуу кыскартылган адам тилинде эстеп калууга мүмкүнчүлүк берет. Кээде бир мнемоникалык маани процессордун ар кандай уячалары менен бир эле ишти аткарган машиналык команданын группасына туура келет. Төмөнкү муундагы программалоо тилдери машиналык командалардан башка макроаныктоо (макростор) сыяктуу кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алат. Директивалардын жардамы менен константаларды жана литералдык саптарды киргизүүгө, өзгөрмөлөргө алдын ала орун алып коюуга жана иштелип жаткан кодту белгиленген бир адреске жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берип , машиналык коддун трансляция процессин башкарууга болот. Көбүнчө бул тилдер өзгөрмөлөр менен кошо конкреттүү уячалар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Эреже катары, процессорлордун үй-бүлөсүндөгү конкреттүү өзгөчөлүктөрдү колдонушат.Төмөнкү муундагы тилге көпкө маалым болгон мисал болуп - ассемблер тили ,же ассемблер тилинин группасын айтсак туурарак болот. Алар машиналык кодто дал келишет ,бирок кошумча функциялары (директивалар жана макростор) менен айырмаланышат.

Дагы, төмөнкү муундагы тилдерге шарттуу түрдө Microsoft.NET платформасында колдонулган CIL ди кошуп койсок болот.