Төрткүл (Баткен) суу сактагычы

Википедия дан

Төрткүл суу сактагычы - Баткен р-нунда. Баткен ш-нан 12 км аралыкта жайгашкан.

Аксуу (Каравшин) суусунан суу алат. Көп жылдык суу агымын жөнгө салат. Сугатчылыкка пайдаланылат. 1972-ж. курулуп бүткөн. Суу сактагычтын уз. 5 км, эң жазы жери 2,1 км, эң терең жери 26,8 м, суу толгондогу аянты 6,57 км2, көлөмү 90 млн м3. Плотинасынын уз. 1094 м, туурасы 4 м, бийикт. 34 м. Баткен р-нунун ж-а Өзбекстандын 11,5 миң га жерин суу м-н камсыз кылат. Сууну жерге сиңип кетүүдөн сактоо максатында дүйнөдө алгачкы жолу суу сактагычтын таманына полиэтилен плёнкасы төшөлгөн. Суу сактагычты кургандыгы үчүн 1982-ж. долбоордун авторлорунун ж-а куруучулардын бир тобу Кыргыз ССР мамл. Сыйлыгынын лауреаты болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2